ДЕМӨӨРЧҮЛӨР ОКУУЧУЛАРГА ТЕЛЕФОН ТАРТУУЛАШТЫ

  • 17.09.2020
  • 0

Кемин районундагы 10 мектептин окуучулары жеке ишкерлердин демөөрчүлүгүнүн жардамы менен телефондуу болушту.

Кемин райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, райондогу социалдык жактан колдоого муктаж, турмуш-шарттары начар үй-бүлөлөрдүн балдарына жеке ишкерлер телефон тартуулашты. Билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Амантур кызы Аселдин айтымында, аларга жеке ишкерлер кайрылышып, телефонго муктаж болуп жаткан үй-бүлөлөргө жардам берүү ниеттерин билдиришкен. Райондук билим берүү бөлүмү учурдагы талапка ылайык, телефон, телевизор аркылуу аралыктан окуп жатышкан балдардын ичинен муктаж үй-бүлөлөрдү аныктап, тизме түзүп беришти.

Өздөрүнүн ысымдарын жарыялагысы келбеген жеке ишкерлер баардыгы болуп 92 уюлдук телефон жана 12 телевизор тартуулашып, окуучулардын заманбап байланыш каражаттары менен камсыздалышына өз салымдарын кошушту.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер