ДЕЛЬФИ ОЮНДАРЫНДА “МАНАСТЫН”СТУДЕНТИ АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

  • 01.12.2022
  • 0

ДЕЛЬФИ ОЮНДАРЫНДА “МАНАСТЫН”СТУДЕНТИ АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Бишкек шаарында биринчи жолу “Улуу Жибек жолундагы Дельфи оюндары” деп аталган маданий-билим берүүчү долбоордун алкагында “Катыш! Аракет кыл! Жеңип ал!” деген ураан астында Дельфи оюндары ѳттү.

Иш-чара КМШнын алкагындагы Дельфи оюндарынын 20 жылдыгына арналды.

Долбоордун максаты — икусствонун, чыгармачылыктын, аткаруучулук жөндөмдүн ар кыл тармактарында фестивалдык өнөр жарышы үчүн жергиликтүү тажрыйбанын алкагында таланттуу жаштарга шарт түзүү. Маданий көп түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү. Эл аралык аянтчаларда жогорудагы тармактардагы жаш лидерлерди табуу жана алардын өсүп чыгышына жол салуу.

ДЕЛЬФИ ОЮНДАРЫНДА “МАНАСТЫН”СТУДЕНТИ АЛТЫН МЕДАЛЬ ТАГЫНДЫ

Таймаш классикалык, элдик жана заманбап искусствонун түрлөрүн камтыган 12 номинацияда өтүп, ар бир категория боюнча алтын, күмүш жана коло медалдар ыйгарылды.

Ага катышкан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кѳркѳм ѳнѳр факультетинин студенттери эки алтын, бир күмүш медаль утуп алышты.

Алар:

  1. Кѳркѳм ѳнѳр факультетинин музыкалык искусство бѳлүмүнүн студенти Темирова Мейликан “Эстрадалык ырдоо” боюнча алтын медалга татыктуу болду. Кѳркѳм жетекчиси: КРнын Эл артисти, факультете деканы Анарбек Ибраев.
  2. Театралдык искусство бѳлүмүнүн студенти Кундуз Камчыбек кызы “Кѳркѳм окуу” боюнча алтын медаль тагынды. Кѳркѳм жетекчиси: КРнын Эл артисти, ага окутуучу Калича Сейдалиева.
  3. Музыкалык искусство бѳлүмүнүн студенти Абдирашитова Айзирек күмүш медаль тагынды. Кѳркѳм жетекчиси: КРнын Эл артисти, декан Анарбек Ибраев.

Медиа Манас

 

Бөлүшүү

Комментарийлер