АУ-АУ «АЙ КЬЮ» КАЙДАСЫҢ? ДАЙЫНЫ ДА, ДАЛИЛИ ДА ЖОК МЕНЧИК МЕКТЕП

  • 25.07.2023
  • 0

Аттестат чыры менен белгилүү болгон «Ай Кью» менчик мектебиндеги мыйзамсыз иштер четинен чубалып чыгууда. Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында жаңы маалыматтар жарыяланды.

Министрликтен комиссия 18-июлда “Ай Кью” мектебине Токмоктогу расмий дарек боюнча барганда менчик мектептин иштегендигинин далилдери табылган эмес.  Аталган даректе ИСИТО Чүй кесиптик коллежинин гана көрнөгү болгон, ал эми менчик мектептин карааны да болгон эмес, дейт  комиссия башчысы, Президенттин Чүй облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гулмира Кыштобаева.

АУ-АУ "АЙ КЬЮ" КАЙДАСЫҢ? ДАЙЫНЫ ДА, ДАЛИЛИ ДА ЖОК МЕНЧИК МЕКТЕП

Мектептин директору  мурда эскертүү берилгенине карабастан ордунда болгон эмес жана бир нече чакыртууну да тоготпой койгон. М.Кубаева тийиштүү  документтерди билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен болгон жолугушууда дагы көрсөтө алган жок. Андан кийин комиссияга бир да документ көрсөтпөй, качып кетти.

Бул менчик мектептин экстернатка окутууга лицензиясы болгон эместигин мурда да кабарлаганбыз. Эми анын Токмок шаарында окута турган имараты дагы жок болуп чыгууда.

«Ар бир билим берүү мекемеси өз ишмердигин башташ үчүн жана мыйзамга ылайык иш алып барышы үчүн имараты болушу керек. Эгер жеке менчик болбосо, оперативдик башкаруу же арендада болушу керек. Жогоруда комиссия белгилеп кеткендей, Токмок шаарында “Ай Кью” мектебинин өзүнүн имараты жок ИСИТОнун экинчи кабатын көрсөтүп жатат. Бул мыйзамга туура келбейт, себеби ар бир билим берүү уюмунун лицензиялык талаптарга жооп бере турган мекемеси болушу керек. 2020-жылда эле бул мектепке экстернатка макулдук берилген эмес. 2022-жылы 16-мартта “Ай Кью” ОТКсынын директору, экстернат формасы менен балдарды окутуп бүтүрүүгө уруксат бергиле деп кат менен кайрылып, 17-мартта дароо эле “андай макулдук берилбейт” деген жооп кеткен. Андан бери лицензияга документ топтоп, тапшырууга жана алууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бул тууралуу директорго бир нече жолу маалымдама берилген. Комиссия иштеп баштагандан бери жетекчи бир дагы документин көрсөтө албай келет, ошондуктан бул жерде окуган окуучуларга аттестат берүү мыйзамсыз болуп калат»,  — деди ББИМ лицензия бөлүмүнүн  башчысы Алмаз Ибраев.

«Ай Кью» мектеби Токмок шаарында балдарды экстернатты мындай кой, кадимки режимде окутуп жатканын да жергиликтүү билим берүү органдарына  билдирген эмес.

“Ай Кью” мектебинин бар экенин жана ал ИСИТО колледжинин имаратында жайгашканын социалдык тармактарга ата-энелердин кайрылуусу тараганда билдим, — дейт Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Алмакунов. —  Токмок шаарында 17, анын ичинде тогуз мамлекеттик жана төрт жеке менчик мектеп бар. Быйыл 11-классты 741 окуучу аяктады. “Ай Кью” мектеби боюнча  маалыматыбыз болгон эмес».

Б.Алмакуновдун айтымында, «Ай Кью» менчик мектебинин директору окуучулар аттестат, күбөлүк алыш үчүн февраль айында өтүлүүчү персонификациядан өткөрүүгө кайрылган эмес. Мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин баарында канча окуучу бүтөрү,  ким кайсы окууга тапшырары алдын ала белгилүү болот. Ал эми “Ай Кью” боюнча эч маалымат болгон эмес.

 «Аттестат сатылбайт, аны окуп гана алыш керек»

«Ай Кью» менчик мектебине алданып калган ата-энелер кайра-кайра Билим берүү министрлигине келип арызданууну улантууда. Министр Каныбек Иманалиев дүйшөмбүдө аларды кабыл алып, аттестат мыйзамдык тартипте гана берилерин дагы бир жолу түшүндүрдү.

АУ-АУ "АЙ КЬЮ" КАЙДАСЫҢ? ДАЙЫНЫ ДА, ДАЛИЛИ ДА ЖОК МЕНЧИК МЕКТЕП

«Биринчиден лицензия эле жок эмес. Окуу программасы жок, Нормалдуу мектептин өзү жок. Кантип аттестат беребиз? Ата-энелер менен иштешкенге даярмын, күн десе күн, түн десе түн. Комиссия мына турат. Окуучу кайсы күндөрү барган, кайсы окуу жайга барган, чейрегин качан тапшырган, бүт баарын далилдемейинче болбойт. Аттестат сатылбайт, окуп гана алыш керек. Мен ата-энелердин укугун, окуучулардын укугун коргойм. Ким алдап аттестат сатам десе, мыйзам астында жоопко тартылыш керек».

«Ай Кью» менчик мектеби өткөн окуу жылында экстернатка лицензиясы жок болсо дагы 84 баланы кабыл алып экстернатка мыйзамсыз окутканы ашкере болуп аттестат ала албай калганда, ата-энелер нааразы болуп Билим берүү жана илим министрлигине келишкен. Министрлик менчик мектептин экстернатка окутууга лицензиясы болгон эместигин билдирип, окуучулар менен ата-энелерди алдап,  акча топтогон фактысы боюнча деректирге чара көрүү жөнүндө укук коргоо органдарына кайрылган.

Ошондой эле министрликтин тийиштүү комиссиясы Токмоктогу «Ай Кью» мектебине барганда менчик мектептин директору тийиштүү документтерди көрсөтпөй качып кеткен бойдон көрсөтө элек.

Аталган комиссия мектептин дареги боюнча барганда ИСИТОго тийиштүү гана имарат көрүшкөнүн, бул жакта «Ай Кью» мектеби болгону жана балдарды реалдуу окуткандыгынын тикелей да, кыйыр да далилдери чыкпаганын айтууда.

АУ-АУ "АЙ КЬЮ" КАЙДАСЫҢ? ДАЙЫНЫ ДА, ДАЛИЛИ ДА ЖОК МЕНЧИК МЕКТЕП

Ошого карабастан, менчик мектептин директору ата-энелерге жамынып, аларды министрликке каршы тукурган иштерин улантууда.  Министрликтеги комиссия ата-энелер менен жолугуп, алардын далил-жүйөсүн угуп, бул чырлуу маселени мыйзам талаасында чечүүнүн аракетин көрүүдө.

Ал арада,  директор М.Кубаева акырын «жым» болуп чыгып кетти эле, мектептин мугалими Тентиева Роза бир ууч ата-энени чогулта калып пресс-жыйын өткөргөнгө үлгүрдү. Ата-энелерди угуп отурсаң, алардын дагы өз чындыгы бардай. Эң алгач алардын негизги тилеги балдарга аттестат тапшырууга уруксат алуу, ал эми директордун жоопкерчилиги өз нугунда каралсын деген маанайда болушууда.

 

 

Айнура Асаналиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер