ДАСТОРКОН ЧЕТИНДЕГИ ТАРБИЯ
- 01.02.2023
- 0
Бакай—Ата районундагы Э.Капалов атындагы орто мектебинде ай сайын «Энелер мектебинин» алкагында ата—энелерге бала тарбиялоодо көмөктөшүү иретинде, өзгөчө өткөөл курактагы балдарды тарбиялоодо ата—энелер, мугалимдер менен бирдикте, тыгыз байланышта туура тарбия берүүгө кызыктар экендигин билдиришкен.
Бул сапар 8-класстардын ата -энелери менен биргеликте класс жетекчилер: Самакова Наргиза, Орозбеков Нуржигит дасторкон четинде чогулуш уюштуруп беришти. Ата-энелер жакшы пикирлерин билдирип, чын эле бардык тарбия дасторкон четинде башталарына ынанып кайтышты.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер