ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО:  САПАТ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮК

  • 24.01.2019
  • 1

Быйыл мектепти бүтө турган окуучулардын бардыгы ЖРТга кызуу даярдык көрүп жаткан кези. Бирок ар бир бүтүрүүчү ЖРТ тапшырардын алдында кесипти туура тандап алуусу керек. Себеби кесипти туура тандоо менен гана алар өздөрүнүн келечегине жол ача алышат. Андан кийинки кадам сапаттуу билим бере ала турган окуу жайды тандоодо болот. Ошондуктан  бүтүрүүчүлөргө туура багыт берүү максатында “Кут Билим” газетасы маалымат өнөктүгүн баштайт. Бул жааттагы алгачкы макалабыз Кыргызстандагы медициналык билим берүү, дарыгерлерди даярдаган окуу жайлар, алардын окуу-методикалык, материалдык-техникалык базасы, мүмкүнчүлүктөрү жана окуу жайларга тапшыруунун жолдору боюнча болмокчу.   

 

Он эки окуу жай  

ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО:  САПАТ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮК

Кыргызстанда жогорку билимдүү медициналык адистер он эки жогорку окуу жайында даярдалат. Алардын флагманы болуп Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы саналат. Бул окуу жайда жалпы алты багыт: дарылоо иши, педиатрия, медициналык алдын алуу иши, стоматология, фармация жана жогорку мээрбан айым боюнча адистер даярдалат. Ординатура бар, учурда миңден ашуун ординатор билим алууда. Анын 432 быйыл бүтөт, 30% бюджеттик негизде окуйт.

Ош мамлекеттик университетинде  дагы алты багытта: дарылоо иши, педиатрия, стоматология, медициналык алдын алуу иши, фармация жана жогорку мээрбан айым  боюнча адистер даярдалат.

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети дарылоо иши, педиатрия, стоматология багытында адистерди даярдайт. Жалал-Абад мамлекеттик университети адистерди дарылоо иши, фармация багыттарында даярдайт. Ал эми Кыргызстандагы эл аралык университетинин Эл аралык жогорку медициналык мектеби болсо дарылоо иши боюнча Азиянын Түштүк-Чыгыш мамлекеттери,  негизинен Индия жана Пакистан үчүн адистерди даярдайт. Азия медициналык институту дагы дарылоо иши жана стоматология багыты боюнча миңге жакын студентке билим берүүдө.

Эл аралык жогорку медициналык мектеби дарылоо иши боюнча жалаң чет элдик студенттерди окутса, стоматология факультетинде жергиликтүү студенттер билим алышат.  Ала-Тоо Эл аралык университетинде дарылоо иши, педиатрия, Эл аралык медициналык университетте дарылоо иши, стоматология, ал эми дарылоо иши боюнча адистер Эл аралык илим жана ишкердик университетинде, Илимий-изилдөө медико-социалдык институтунда, Адам университетинде, Кыргызстандагы эл аралык университетинин Кыргыз-Пакистан медициналык илимдер эл аралык институтунда даярдалат.

 

Окуу жайлардын окуу-методикалык жана материалдык-техникалык базасы

ДАРЫГЕРЛЕРДИ ДАЯРДОО:  САПАТ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮК

2017-жылы өкмөт тарабынан клиникалык базасы жок медициналык факультеттердин лицензиясын чакыртып алуу маселеси көтөрүлгөн. Ушул эле маселе вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тарабынан өтүп бара жаткан жылдын этегинде дагы бир жолу көтөрүлдү. Анда мамлекет тарабынан саламаттыкты сактоо тармагындагы кесиптик  билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгы, клиникалык базалардын жетишсиздиги, лицензиялаштыруу жана аккредитациялоо маселеси, айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы врачтардын тартыштыгы, диплом алуудан кийнки деңгээлдеги медициналык кадрларды даярдоого бирдиктүү стандарттардын жана талаптардын жоктугу, медик-студенттердин ашыкча саны сыяктуу бир катар актуалдуу маселелер талкууланган. Чындыгында жогоруда аты аталган окуу жайлардын бардыгында эле билим берүүнүн сапаты талапка жооп берет деп айтууга болбойт. Себеби алардын арасында өзүнүн клиникасы, лабораториялык базасы жок окуу жайлар дагы бар. Бирок ошол эле учурда өкмөттүн койгон талаптарын аткарууга белсенип киришип жаткандар дагы жок эмес. Мисалы, Ош мамлекеттик университети кыска мөөнөттүн ичинде төрт медициналык клиникасын, төрт көз карандысыз тестирлөө борборун, лабораториялык корпустарды, студенттик жатаканаларды өз күчү менен курду.

Эл аралык жогорку медициналык мектеби болсо бүгүн өздүк клиникасын ачып жатат. Анда бейтаптар кыска мөөнөттүн ичинде жагымдуу, ыңгайлуу шартта толук медициналык текшерүүдөн өтө алышат жана клиникалык, поликлиникалык, стационардык деңгээлдерде дарылана алышат. Клиника бардык тарабынан медицинанын азыркы талаптары боюнча мамлекеттик, эл аралык стандарттарга шайкеш келет, заманбап жабдуулар менен жабдылган жана бул жерде жогорку квалификациялуу адистер иштешет. Клиникасынын поликлиникасында лаборатория, компьютердик томографиядан өткөрүү бөлмөсү, санарип рентген, ультрадобуштуу изилдөө жана ЛОР, офтальмолог, стоматолог, кардиоревматолог, невропатолог, хирург адистердин бөлмөлөрү иштейт. Анын стационардык корпусу төрт бөлүмдөн турган 100 койкага эсептелген.

Ошол эле КММАнын Биомедициналык изилдөөлөрдүн тармак аралык окуу-илимий борбору, Окуу-дарылоо илимий медициналык борбору, Стоматологиялык окуу-илимий клиникалык базасы, Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу жана үзгүлтүксүз билим берүү борбору, “Төө ашуу” бийик тоолуу илимий базасы бар. Жакында заманбап “Таш-Дөбө” окуу-илимий борбору  ачылуу алдында турат.

КРСУнун дагы материалдык-техникалык базасы күчтүү. ЖаМУда болсо өзүнүн жеке дарылоо корпусу жок, бирок морфологиялык дисциплиналар корпусу, эки компьютердик классы бар.

Окуу жайларда окуу-методикалык базасы дагы ар кандай. Окуу-методикалык комплексин, окуу процессин толук электрондоштуруп алгандар да, бул ишти солгундатып жаткандар дагы бар. Бардык окуу жайларда студенттерге жеткиликтүү болгон веб-сайттар иштейт. КММАда 4531 электрондук ресурс бар болсо, ОшМУнун китепкана фондунда 50 миңден ашуун китеп бар.  Эл аралык медициналык жогорку мектебинин электрондук китепканасы дагы студенттер үчүн табылгыс байлык.

 

 

Кадрдык сапат

Албетте, калктын саламаттыгын сактай турган адистерди жогорку квалификациялуу, илимий даражасы бар адистер даярдоого тийиш.  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мурда жүргүзүлгөн анализде  КРСУда 548 окутуучу эмгектенсе, анын 40 медицина илимдеринин доктору, 166 кандидат. ОшМУда эмгектенген 260 окутуучунун 11 илимдин доктору болсо, 46 илимдин кандидаты. ЖАМУда иштеген 72 окутуучунун үчөө илимдин доктору болсо, жетөө илимдин кандидаты. Эл аралык медициналык жогорку мектебинин 250 окутуучусунун сегизи илимдин доктору, 33 илимдин кандидаты. АзМИнин 68 окутуучусунун  төртөө илимдин доктору, жетөө илимдин кандидаты (илимий даражасы бар окутуучулардын пайыздык көрсөткүчү штатта иштегендердин гана катарынан алынган).  Андан бери илимий ишин жактап, даражалуу окутуучулардын катары толукталууда. Мисалы, ошол учурда КММАнын  профессордук-окутуучулук курамынын жалпы саны миңден ашуун болсо, анын 59 илимдин доктору, 212 илимдин кандидаты болчу. Учурда бул окуу жайда илимдин докторлорунун саны 72 жетсе, илимдин кандидаттарынын саны 230 чыкты.

 

Билим сапатын тастыктагандар 

Азыр Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун эң эффективдүү инструменти катары аккредитация эсептелет. Эки жылдан бери бардык окуу жайларга программалар, багыттар боюнча көз карандысыз аккредитациядан өтүү милдеттендирилген. Мындан сапат боюнча мамлекет тарабынан коюлган минималдуу  талаптарга жооп берген окуу жайлар гана өтө алат. Эки жылда республикдагы медициналык адистерди даярдаган  окуу жайлардын ичинен экөө гана аккредитациядан өттү. 2017-жылы EdNet — билим берүү сапатынын кепилдик боюнча агенттигинен КРСУнун дарылоо иши жана педиатрия, Азия медициналык институтунун стоматология жана дарылоо иши адистиктери беш жылга өткөн. КММА болсо аккредитациядан февраль айында өтүп баштайт. Учурда даярдык иштери жүрүүдө.

 

 

Абитуриент үчүн маалымат

Медициналык окуу жайга тапшырууну каалаган абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөдөн сөзсүз түрдө өтүшү керек. Анда негизги тест менен катар химия, биологияны дагы кошо тапшыруу зарыл жана жогорку балл топтоого аракет кылышы керек. Себеби окуу жайга кабыл алынып жатканда негизги тест менен катар предметтик тесттердин баллдары кошулуп эсептелет. Эгерде жогоруда айтылган предметтик тесттер тапшырылбай калган болсо, же тийиштүү балл топтой албай калган болсо медициналык окуу жайдан билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калуу коркунучу бар. Белгилүү болгондой, негизги тесттен дагы, предметтик тесттерден дагы жогорку балл топтогондор каалаган окуу жайына эч тоскоолдуксуз өтө алат.

Дарылоо, педиатрия факультетине тапшыргандар алты жыл окушса, стоматология, фармация, мед айымдык иш адистигин тандагандар беш жыл окушат. Ал эми медициналык алдын алуу иши адистигинде окугандар буга чейин беш жыл окушса, 2018-жылдан баштап алты жыл окушат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

[email protected] / 21.04.2020 17:45
Саламатсыздарбы?Мен 2019-жылдын бутуруучусу болом мугалимдикке тапшыргам,бирок ал окуум жакпай жатат медсестра болоюн деген элем ошол себептен окуумду токтотуп медке тапшырсамбы деп жаткан окуумду алмаштырсаз болобу?