Дарыгерлер айры сайылып калган баланы аман алып калышты

  • 13.09.2023
  • 0
Дарыгерлер айры сайылып калган баланы аман алып калышты
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлери көкүрөгүнө айры сайылып калган Зубаир аттуу өспүрүмдү аман алып калышты. Бул тууралуу «Спутник» агенттиги аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Козубай Абдыкалыковго таянып жазды.
Окуя 2023-жылы 25-августта болуп, өспүрүм дарыгерлерге оор абалда жеткирилген. 15 жаштагы бейтап окуянын капыстан болгонун айтып берген.
«Бешилик тикесинен турган, анын асты жагынан өтүп жуунам дегем. Тайып кетип, айры көкүрөгүмө сайылып калды. Анан сайылган бойдон ооруканага алып келишти», — деген ал.
Бөлүшүү

Комментарийлер