ДҮЙШӨН ШАМАТОВГО ӨЗГӨЧӨ СЫЙЛЫК ЫЙГАРЫЛДЫ

  • 17.12.2020
  • 0

Жаӊы жыл алдында баарыбызды кубанткан кабар кошуна Казакстандан келди. Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов казак элинин атактуу агартуучусу Ыбырайым Алтынсарин атындагы төш белги менен сыйланыптыр!

ДҮЙШӨН ШАМАТОВГО ӨЗГӨЧӨ СЫЙЛЫК ЫЙГАРЫЛДЫ

Сүрөттө: Д. Шаматовго Назарбаев университетиндеги Жогорку билим берүү мектебинин деканынын орун басары др. Жейсон Спаркс сыйлыкты тапшырып жатат.

Бул сыйлык билим берүү жана тарбиялоо процессин бир бүтүн катары өркүндөтүп, окуучулардын чыгармачыл дилгирлигин арттыруу, райондук, облустук, республикалык жана эл аралык программалар менен долбоорлордо ийгиликке жетишине орчундуу салым кошкон мыкты педагогдорго ыйгарылат экен.

Жердешибизди бул барктуу сыйлыгы менен куттуктап, мындан ары да чоӊ бийиктиктерди багынта беришине тилектештигибизди билдиребиз.

Бул жерде дагы бир нусканы айта кетели. Педагог устаттарга шакирттеринин чын ыкластуу урмат-сыйын байкаган кандай жакшы! Дүйшөнгө арналган жылуу кеп-сөздөрдүн ичинен ыр түрүндө айтылган-жазылгандары эле бир китепке толчудай жакын арада. Төмөндө ошондой саптардан келтирели:

Жарык сиздин жүзүӊүз,

Жалындуу, демдүү ишиӊиз.

Жакшылыктан ур чачып

Жаркыта өмүр сүрүӊүз!

 

Акыл калчап, баамдайсыз,

Аксымдан асыл тандайсыз.

Адамдын асыл жүрөгүн

Астейдил аяп аӊдайсыз!

 

Ат көтөргүс иштерди

Аздектеп күтүп сактайбыз.

Алтындан кымбат адам деп

Ар дайым сизди мактайбыз!

 

Исхак Эгемнаразов, ОшМУнун окутуучусу

Кесибин  өзгөчө сүйгөн,

Кам көрүп, баарына күйгөн.

Үйүндө иши көп болсо дагы,

Эл жүгүн башына үйгөн.

 

Ар дайым бизди колдогон,

Басса–турса ойлогон,

Мугалимдин мыктысы да

Дүйшөнкул агайдай болбогон.

 

Айназик Кушбак кызы, ОшМУнун 1-курстагы студенти

Эмгекти баалап көрөт күз,

Өр жолдо дайым жөлөксүз!

Баарысын бирдей караган,

Өзгөчө бийик бөлөксүз!

 

Жүзүңүз турсун жылмайып,

Тартпаңыз такыр муңайым.

Дениңиз сиздин чын болсун,

Кудайдан аны сураймын!

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер