ДҮЙШӨН ШАМАТОВ ОШМПУДА ЛЕКЦИЯ ОКУДУ

  • 02.11.2021
  • 0

Белгилүү педагог, Торонто университетинин PhD доктору жана Н.Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучуларына жана магистрлерине лекция окуду. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кулпунай Мамасалиева билдирди.

Лектор билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир канча эл аралык долбоорлордун автору катары “Заманбап илим изилдөө усулдарынын теориясы жана практикасы” деген темада бир күн бою катышуучуларга өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүшө алды.

Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, профессорго ыраазычылык билдирип, ийгилик каалап өттү.

Лекциянын алгачкы бөлүгүндө изилдөө парадигмалары, сапаттык жана сандык изилдөөлөр боюнча теориялык маалыматтар айтылып, атайын экспертизалар да жүргүзүлдү. Андан соң кофе-брейк уюштурулуп, лекция уланды.

Мында изилдөөнүн темасы, максаты, изилдөө суроолору боюнча кеп козголуп, маалыматтарды чогултуу инструменттери боюнча бир топ жаңы түшүнүктөр айтылды.

Соңунда лектор изилдөө этикасы боюнча маалымат берип, ал лекция учурунда бир гана өз билимин бөлүшүү менен чектелбестен, катышуучулар менен кайтарым байланыштарды жасап, суроолорго жооп берди.

Анын айтымында, учурда кыргыз илим изилдөөчүлөр көбүнесе эл аралык деңгээлге активдүү аралаша албай жатышат. Тил билүү мүмкүнчүлүгү аз болгондуктан орус тилдүү маалыматтар, макалалар менен гана чектелип калып жатканын белгилейт. Илим изилдеп, макала жазуу үчүн алгач буга чейин изилденген жана даяр болгон макала, илимдер тууралуу маалымат болуш керек дейт.

Белгилей кетсек, бул иш-чара жалпы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, жаш педагог изилденүүчүлөргө шык берүү максатында университеттин жетекчилиги тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер