ДҮЙНӨНҮ КЫРГЫЗ БАЛЫ МЕНЕН ТАМШАНДЫРГАН «БАЛ-АРЫ»

  • 07.07.2022
  • 0

Түштүк Кореяда болгон чоң эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын бир топ компаниялары, анын ичинде «Бал Ары» компаниясы дагы катышып, кыргыз балынын керемет даамы менен таң калтырып келди.

Import  Goods Fair — жылда өтүүчү сапаттуу жана табигый продуктуларды импорт кылганга мүмкүнчүлүк түзүүчү эл аралык көргөзмө. Бул жылы көргөзмө 23-июнга туш келди жана ал үч күн болду, анда алтымыштан ашык өлкөлөрдүн товарлары көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө катышууну инвестиция боюнча агенттиги Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги менен биргеликте уюштурду. Бул жылы Кыргызстандан «Бал-Ары», Bee Honey, Manyz KG, ОсОО «Устойчивые бизнес решения», ОсОО «Афиат Трейд», «Гимнили» жана «Азиус» компанияларынын продукциялары көргөзмөгө катышты.

«Бал-Ары» компаниясы буга чейин бир топ эл аралык көргөзмөлөргө катышкан, азыркы учурда Японияга, Кытай Эл Республикасына, Жакынкы Чыгыш Өлкөлөрүнө жана кошуна өлкөлөргө бал экспорттоп келет. Буга чейинки көргөзмөлөрдө «Эң сапаттуу бал» наамын алып келген. Азыркы Түштүк Кореяда болуп өткөн Import Goods Fair көргөзмөсүндө аталган компаниянын өкүлү Ажар Ширгелиева жаш экенине карабастан, уюштуруучулар тарабынан көп мактоолорду укту.

«Көргөзмөдө көптөгөн чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен тааныштым, досторду таптым. Аябай кубанычтамын ушундай эл аралык чоң масштабдагы көргөзмөдө кыргыз компаниясын презентация кылганыма. Көпчүлүк корейликтербиздин балдын даамын татып көрүп, кээ бирлери таң калышты даамынан. Эгерде биз сапаттуу, даамдуу жана табигый бал жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда сөзсүз «Бал-Ары» жөнүндө дагы сөз болуу керек, себеби «Бал-Ары» – бул биринчи кезекте сапат жана табигый экологиялык продукция. Компания буга чейин көптөгөн көргөзмөлөрдө “мыкты бал” наамын алган»,-деди Ажар.

«Өзүмө дагы чоң максат койдум алдыма, кыргыз компаниялардын менеджментин дагы да жаңы жана масштабдуу деңгээлге чыгаруу үчүн дүйнөдөгү Stanford, University of Califronia, Berkeley сыяктуу университеттерде билим алып келгим келет».

Бул компания 2009-жылдан баштап балды экспорт кылып келет. Бүгүнкү күндө компания өзү бал өндүрөт, ошондой эле бал ала турган аарыларды көбөйтүү боюнча дагы иш алып барат.

ДҮЙНӨНҮ КЫРГЫЗ БАЛЫ МЕНЕН ТАМШАНДЫРГАН "БАЛ-АРЫ"

Компаниянын негиздөөчүсү Айжан Кулманбетова көп жылдык топтогон тажрыйбасын эл менен бөлүшүп, региондорду кыдырып, тренингдерди жана сабактарды өтүп келет. Ошондой эле жылдан жылга бал экспорттоонун географиясы да кеңейүүдө.

Кытай бүт дүйнөгө өзүнүн продукцияларын экспорт кылат, бирок Кытайдын өзүнө экспорт жасаган Кыргызстандагы компанияларды манжалап санаса болот. Бал табигый экологиялык продукция болгондуктан, Кытайга экспорт кылган компаниялардын бирөөсү – «Бал-Ары». Кыргызстанда өндүрүлгөн балды чет өлкөлөрдө таанытып келатканыбызга аз эле убакыт болду. Бирок сапаты менен даамынын өзгөчөлүгү жагынан кардарлардын жактырган продукция болуп калды»,-деди Айжан.

Дүйнөлүк рынокто балдын экспорту боюнча лидер өлкөлөр — Кытай, Түркия, Иран жана Индия. Ошондой эле Европанын да бир катар өлкөлөрү бар.

“Кыргыз балы лидерлердин катарына кире элек”, — дейт Ажар , — бирок аракет кылсак, толук мүмкүнчүлүк бар».

М. Исаков

Бөлүшүү

Комментарийлер