Дүйнөлүк оюндары: Кыргызстандык кикбоксчу Аброр Хакимов алтын медаль жеңди

  • 30.10.2023
  • 0

Дүйнөлүк оюндары: Кыргызстандык кикбоксчу Аброр Хакимов алтын медаль жеңди

Сауд Арабияда өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарында кыргызстандык спортчу Аброр Хакимов кикбокс боюнча алтын медаль жеңди. Бул тууралуу 29-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Хакимов 71 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашып, финалда франциялык спортчуну 2:1 эсебинде утту.

Бүткүл дүйнөлүк оюндар 15 спорттун түрү боюнча Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жатат. Мелдеш 20-октябрда башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын карате, самбо, джиу-джитсу, греплинг, казак күрөшү, алыш күрөшү жана кикбокс боюнча улуттук курамасы катышууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер