ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ: ЭЛ АРАЛЫК АЙТЫШКА КЫРГЫЗСТАНДАН 8 АКЫН ТАНДАЛДЫ
- 12.08.2026
- 0
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышына катышуучу 8 акын тандалды.

Тандоо туру 10-августта Кыргыз улуттук «Манас» театрында өттү. Акындар жуптарга бөлүнүп, алым сабак айтышта өнөрүн көрсөтүштү.
Калыстар алардын төкмөлүк чеберчилигин, сөз байлыгын, тапкычтыгын, ойдун курчтугун, комуз чертүүсүн, сахна маданиятын жана улуттук баалуулуктарды даңазалоосун баалашты.
Финалдык баскычка Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Чыңгызхан Кожошев, Жылдызбек Төрөканов, Кубат Тукешов, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев жана Элмирбек Иманалиев жолдомо алды.
Эл аралык айтыштын жалпы байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер