ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ — БААРЫ ҮЧҮН: МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРГА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛУУДА

  • 03.09.2026
  • 0

«Ар бир адам улуу мурастын, көчмөндөрдүн рухунун бир бөлүгү болууга татыктуу» деген принциптин алкагында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында майыптыгы бар жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул багытта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылып, иш-чаралардын жүрүшүндө өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүп жатышат. ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ — БААРЫ ҮЧҮН: МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРГА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛУУДА

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин социалдык коргоо тутумунун адистери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан бардык сегиз аянтчада иш алып барууда. Алар келгендерге зарыл болгон консультациялык жардамдарды берип, аймакта багыт алууга жана жүрүп-турууга жакындан көмөктөшүүдө. Ошондой эле, майыптыгы бар адамдар үчүн акысыз жол кире уюштурулуп, өзгөчө майыптык араба менен жүргөн жарандарга «Газпром» спорт комплексинин аймагында иш-чаралар өтүүчү жайларга коштоп баруучу атайын транспорттор каралган. ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ — БААРЫ ҮЧҮН: МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРГА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛУУДА

Иш-чаралар өтүүчү жайларда атайын көрсөтмө белгилер орнотулган. Ал эми жардамга муктаж жарандар оңой кайрыла алышы үчүн, Эмгек министрлигинин кызматкерлери мекеменин логотиби түшүрүлгөн атайын таанымал жилеттерди кийип иштеп жатышат. Министрлик белгилегендей, бул демилгенин негизги максаты — майыптыгы бар адамдардын Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий жана спорттук иш-чараларга катышуусун жеткиликтүү, ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ — БААРЫ ҮЧҮН: МАЙЫПТЫГЫ БАР ЖАРАНДАРГА ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛУУДА

Эгерде кандайдыр бир суроолор жаралып же кошумча жардам керектелсе, жарандар төмөнкү ишеним телефондоруна кайрыла алышат:

 0702 942 893,

0705 991 979,

0703 613 311.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер