Дүйнөлүк көчмөндөр модасы фестивалынын мааракелик сезону ачылды

  • 11.08.2023
  • 0
10-август күнү Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында “Дүйнөлүк көчмөндөр модасы” фестивалынын мааракелик сезонунун ачылышы өттү.
Иш- чарага Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, мода индустриясынын көрүнүктүү өкүлдөрү, чет өлкөдөн келген дизайнерлер жана шаар тургундары катышты.
Алгач фестиваль атамекендик жана чет өлкөдөн келген дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерди көрсөтүү менен башталып, андан соң расмий өкүлдөргө сөз берилди.
Сөз алган Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана министр Алтынбек Максутов аталган иш- чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыздын улуттук саркеч кийимдерин башка өлкөлөргө таанытууда жасалган аракеттер, келечекте бул багытта жасала турган иш аракеттер тууралуу айтып, бешинчи жолу өтүп жаткан фестивалдын негиздөөчүсү Назира Бегимдин ишине ийгиктерди каалашты.
Иш чаранын жүрүшүндө министр Алтынбек Максутов аталган фестивалды кийинки жылдарда өтүшүн колдоого ала турганын маалымдады.
Фестиваль заманбап кийимдердин дефилеси менен уланып, концерттик программа тартууланды.
Иш чараны кичи форматтагы жарманке коштоду.
Ал эми, программага ылайык, иш- чара 12-август күнү жыйынтыкталат.
11-август;
— 12:00 дизайнерлер арасында сынак,
Тема: «Ч. Айтматовдун ааламы»
— 18:30 Ата-Мекендик жана чет элдик дизайнерлерден кийимдер көргөзмөсү;
12-август
— 19:00 Салтанаттуу жабылышы жана сыйлык тапшыруу аземи өтөт.
Бөлүшүү

Комментарийлер