ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

  • 02.10.2025
  • 0

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө билим алуу — чексиз глобалдык процесске айланды. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети да бул багытта активдүү өнүгүп, чет элдик студенттер үчүн сапаттуу билим берип келет. Бул багытта өзгөчө орунду Эл аралык билим берүү программалар институту (ЭББПИ) ээлейт.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 11 институт, 4 факультет, 1 колледж бар. Эл аралык билим берүү программалары институту 2020-жылдын 30-декабрынан бери окуу жайдын курамында. Ал Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, алгач чет элдик жарандарга магистратура бөлүмү боюнча билим берүү борбору болуп ачылган. 2022-жылдын февраль айында «Эл аралык билим берүү программалары институту» статусуна ээ болуп, ушул күнгө чейин чет элдик жарандарга билим берүүдө.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Эл аралык билим берүү программалары институтунун ишмердүүлүгү үч баскычтан турат:

  1. Тил үйрөөнү курсу (кыргыз, орус жана англис тилдери чет элдик жарандар үчүн). Алгач чет элдик жарандар Эл аралык билим берүү программалары институтуна тил үйрөөнү курсуна келишет. Ал 3, 6, 8, 10 айдан турат. Курсту аяктагандан кийин атайын сертификат тапшырылып, бакалавриатка тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет. Бакалавриаттан соӊ магистратура, андан ары PhD, аспирантурага тапшырууга чоӊ мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окутуу маалында эркин сүйлɵɵ, жазуу, окуу жана түшүнүү усулдары колдонулат;
  2. Бакалавриат;
  3. Магистратура:

чет тили (англис тили);

көркөм өнөр;

маалымат технологиялары;

колдонмо информатика;

укук коргоо органдарындагы социалдык иш;

орус тили жана адабияты;

музыкалык билим берүү;

экономика жана ишканаларды башкаруу;

менеджмент;

мектепке чейинки билим берүү жана психология;

билим берүү психологиясы;

практикалык психология;

башкаруу психологиясы;

журналистика;

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Эл аралык билим берүү программалары институтунда чет элдик студенттер англис жана орус тайпаларына бөлүнүп окушат. Сабактар англис тилинде өтүп, диплом үч тилде берилет.

Профессордук-окутуучулук түзүм англис тилин жогорку деңгээлде билет. Азыркы күндө институтта 4 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты, 2 профессор, 2 профессордун м.а., 5 ага окуутучу жана 3 окуутучу эмгектенүүдө.

Биздин максат — сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана студенттер ийгиликтүү жыйынтыкка жетүүсүнɵ жардам берүү, виза алууга кɵмɵк кɵрсɵтүү жана жаңы ɵлкɵнүн шартына көнүш үчүн моралдык, психологиялык жактан даярдоо.

2022-жылдан бери институтта 7 багыт боюнча 80 магистрант дипломго ээ болду. Азыркы учурда магистранттар  сегиз:  маалымат технологиялары, көркөм өнөр, музыкалык билим берүү, дене тарбия, билим берүү психологиясы, жогорку мектеп педагогикасы, жалпы жана стратегиялык менеджмент жана филология багыттары боюнча билим алуууда.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Эки тараптуу кыргыз-кытай келишимдеринин негизинде биздин окуу жайдын студенттери  жана мугалимдери  Кытай Эл Республикасында билим алып жана билимин тереӊдете алышат.

ЭББПИ чет өлкөдөн келген студенттер үчүн баардык шарттарды түзүп берет. Бул жерде окутуу процесси тил үйрөтүүдөн башталып, кесиптик билим берүүгө чейин уланат. Чет элдик студенттер үчүн тил курстарынан сырткары, адаптациялык программалар, маданий иш-чаралар, mentorship (насаатчылык) системасы жана академиялык колдоо кызматтары каралган.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Институттун негизги артыкчылыктарынын бири — мультимаданий чөйрө. Ар кандай өлкөлөрдөн келген студенттер менен бирге окуу ар биринин дүйнө таанымын кеңейтип, эл аралык байланыштарды түзүүгө өбөлгө болот.

 

Мындан тышкары, тажрыйбалуу мугалимдер, жогорку деңгээлдеги билим берүү программалары, университеттик жашоого активдүү катышуу мүмкүнчүлүгү чет элдик студенттердин академиялык жана социалдык жактан өнүгүшүнө чоң салым кошот.

Институт визалык колдоо, жашоо шарттарын уюштуруу, медициналык камсыздандыруу жана башка органдар менен иштешүүдө студенттерди толук коштоп турат.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Эл аралык билим берүү программалары институтунда билим алып жаткан чет элдик магистранттар мектептерде жана бала бакчаларда практикалык окуудан ийгиликтүү өтүп жүрүшөт. Бул практика алардын кесиптик чеберчилигин арттырууга, реалдуу чөйрөдө иштөө көндүмдөрүн бекемдөөгө жана балдар менен түз байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Практика шаардагы алдыңкы мектептер менен бала бакчаларда өтүүдө. Анда студенттер сабак берип, тарбиялык иш-чараларды өткөрүп, жергиликтүү мугалимдер жана тарбиячылар менен чогуу иш алып барат.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Жетекчилер жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери студенттердин даярдыгына, жоопкерчилигине жана чыгармачыл мамилесине абдан ыраазы болууда. Айрым мугалимдер студенттердин аракетин, жаңы идеяларынын көптүгүн жана балдар менен тил табышкандыгын баса билгилеген. Маселен, “Студенттер теориялык билимин практикалык чөйрөдө ийгиликтүү колдонуп жатышат. Айрымдары өзүн кесипкөй мугалим катары көрсөтө алды”, — деп билдирди “Билимкана” мектебинин усулдук кеңешинин мүчөсү.

Ал эми бала бакчалардын тарбиячылары студенттердин балдар менен иштөөдө сабырдуулугуна, креативдүүлүгүнө жана тил табышуу жөндөмүнө жогору баа беришти.

ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕЙКИНДИГИНЕ ЖОЛ АЧКАН КӨПҮРӨ

Өз кезегинде студенттер да практиканы чоң кубаныч жана тажрыйба катары кабыл алып, айрымдар келечектеги кесиптик жолун тандап алууда чечүүчү роль ойногонун белгилешти.

Эл аралык билим берүү программалары институту студенттерге билим берүүдөн сырткары тажрыйба топтоосуна да шарт түзүп, бул практиканы мындан ары да үзгүлтүксүз уюштурууну камсыз кылат.

Эң негизгиси  окуу жайдагы билим эл аралык деңгээлде таанылат. Студенттер окуусун бүткөндөн кийин магистратурага өтүү, илимий ишмердикти улантуу же дүйнөлүк эмгек рыногунда өз ордун табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Эл аралык билим берүү программалары институту —  бул жөн гана окуу жай эмес, бул дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине жол ачкан көпүрө!

И.Арабаев атындагы КМУнун

Эл аралык билим берүү программалары институту директору

философия илимдеринин кандидаты, доцент Субанбекова М.Ш.

Окутуучу Жанышбек кызы Ж.

Бөлүшүү

Комментарийлер