ДҮЙНӨЛҮК БАНК ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДОО ҮЧҮН КОШУМЧА КАРАЖАТ БӨЛҮҮГӨ ДАЯР

  • 14.05.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШга болгон иш сапары учурунда Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча чөлкөмдүк директору Татьяна Проскурякова, Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлүк программалык координатору Саша Т.Джумен жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук кеңешчиси Хусейин Абдул-Хамид менен жолугушту.

Жолугушууда министр Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүн Министрликтин жогорку билим берүү жаатындагы учурдагы демилгелери жана пландары менен тааныштырды.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү азыркы учурда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан Министрликтин “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорун белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Дүйнөлүк банк Министрликтин демилгелерин колдоого жана Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү колдоого кошумча финансылык каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө даяр экенин билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер