Дүйнө чемпионаты: Жантөрө Мырзалиев күмүш медаль тагынды
- 21.08.2023
- 0
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 63 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Алгач ал 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын 8:5 эсебинде жеңди.
Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште Ирандын балбанына жеңилди.
Бөлүшүү
Комментарийлер