Дүйнө чемпионаты: Асан Жанышов коло медаль тагынды

  • 21.08.2023
  • 0
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.
Дүйнө чемпионаты: Асан Жанышов коло медаль тагынды
Спортчу 87 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/16 финалдык беттешинде Армениялык балбанды 9:2 эсебинде жеңди. 1/8 финалдык беттешинде польшанын балбанын 10:0 эсебинде жеңди.
1/4 финалдык беттеште Грециялык балбанга жеңилген.
Коло медаль үчүн беттеште франциялык балбанды 12:4 эсебинде жеңди.
Бөлүшүү

Комментарийлер