ДҮЙНӨ БАЛДАРЫНЫН ДОСТУГУ СҮРӨТ БАЯНДА

  • 22.11.2022
  • 0

ДҮЙНӨ БАЛДАРЫНЫН ДОСТУГУ СҮРӨТ БАЯНДА

“Балажан” балдар борборунда Беларусия республикасынын билим берүү министрлиги «Жаш өспүрүмдөрдүн улуттук көркөм чыгармачылык борбору» менен биргеликте уюштурган  “Планета балдары достошот” VIII Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

ДҮЙНӨ БАЛДАРЫНЫН ДОСТУГУ СҮРӨТ БАЯНДА

Сыйлыктарды Беларусиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Сергеевич Страчко тапшырды.  

ДҮЙНӨ БАЛДАРЫНЫН ДОСТУГУ СҮРӨТ БАЯНДА

Эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо, балдардын көркөм чыгармачылыгын өнүктүрүү, таланттуу балдарды аныктоо жана колдоо, тажрыйба алмашуу жана мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана ошондой эле ар түрдүү улуттук маданияттардын биримдигин жайылтуу максатын көздөгөн сынакта Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын өнөрлүү балдарына Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

ДҮЙНӨ БАЛДАРЫНЫН ДОСТУГУ СҮРӨТ БАЯНДА

Алар: Ош облусунун Өзгөн шаарындагы М.Дубанаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин окуучулары Саликов Талгат, Турабаев Бийбас; Бишкек шаарындагы академик Т.Садыков атындагы улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт мектеп интернатынын окуучулары Залкарбек кызы Таттыбубу жана Канатбекова Жаныл; Жалал-Абад облусунун Кара-Кулжа районундагы К.Калдарова атындагы балдар, өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары Альбина Саятолокова, Маматмусаев Орозали, Жаныбеков Надырбек, Нурдинова Билал; Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубунун Токмок шаарындагы Жаш өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары Калыков Эльзар, Журба Артем, Касымбаева Фахринур, “Балажан” балдар борборунан — Исаенко Дарья, Кубанычбекова Акылай, Юрченко Кира; жана Аламүдүн районунун Маевка айылындагы мектептин окуучусу Калдарбекова Раяна.

А.К. «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер