Д. КЕНДИРБАЕВА 21-ДҮЙНӨЛҮК БИЛИМ БЕРҮҮ ФОРУМУНДА КЕСИПТЕШТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ӨТКӨРДҮ
- 21.05.2025
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ушул жылдын 18-майынан бери Лондон шаарында өтүп жаткан 21-дүйнөлүк билим берүү форумунун (EWF 2025) алкагында Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Эстония, Азербайжан, Сингапур республикаларынын жана Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун, ошондой эле башка мамлекеттердин билим берүү министрлери, алдыңкы билим берүү уюмдарынын жана билим берүү тармагында иш алып барган бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууларда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, тажрыйба жана алдынкы практикаларды алмашуу, ошондой эле билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.
Комментарийлер