«КОНФУЦИЙДИН МЫКТЫ КЛАССЫ»

  • 26.12.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы быйылкы жылы дүйнөнү дүңгүрөтүп, “Конфуцийдин эң мыкты классы” наамына татыктуу болду. Дүйнө  жүзү боюнча үч гана мамлекетке: Кыргызстан, Италия, Непалга  “Конфуцийдин мыкты классы”  наамы ыйгарылды. Кытайдын Чанша шаарында өткөн сыйлык тапшыруу аземине мектеп директору Сайрагүл Атаева катышып, сыйлыкты алып келди. Бул сыйлыктын берилиши мектептин гана эмес, ата мекендик билим берүүдөгү жыл ичиндеги чоң ийгилик катары баалап, ошону менен бирге Кыргызстанга да кадыр-барк кошуп отурат десек ашыкча болбостур.  

"КОНФУЦИЙДИН МЫКТЫ КЛАССЫ"

"КОНФУЦИЙДИН МЫКТЫ КЛАССЫ"

  • Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 162 мамлекетинде 550 институту жана 1172 мектеби жана  Конфуций класстары иш алып барат. 162 мамлекеттин арасынан  гимназиянын “Конфуцийдин мыкты классы”  наамына ээ болгондун өзү Кыргызстан мамлекетине  кадыр-барк кошуп отурат. Билим берүү системасында ар тараптуу, илим-билимдүү,  заманбап  жаштарды тарбиялоодогу чоң  салымыбыз. Бул кароо-сынакта  кытай тили боюнча окутуу жол-жоболору, HSK, HSKK тил деңгээлин аныктоочу Кытай мамлекетинен текшерилип келүүчү тил дипломдору жана окуучулардын  Кыргызстандагы  жогорку окуу жайындагы бүтүрүүчү  студенттердин, ошондой эле Кытай мамлекетиндеги  чет элдик студенттер үчүн 1-2-курсунун деңгээлиндеги билимге ээ болушу, кытай тили боюнча шаардык предметтик олимпиадада,  республикалык ар түрлүү кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болушу жогору бааланды, — дейт мектеп жетекчиси.
  • "КОНФУЦИЙДИН МЫКТЫ КЛАССЫ"

Дүйнөлүк   “Кытай достук көпүрөсү” кароо-сынагындагы жыл сайын байгелүү орундарга  ээ болуп келгендиги сыйлык тапшыруу учурунда баса белгиленди.

"КОНФУЦИЙДИН МЫКТЫ КЛАССЫ"

Гимназиянын  эң негизги ийгилиги катары бүгүнкү күндө  Кытай мамлекетинин белгилүү Пекин, Гуанчжоу, Шанхай, Дальян  ж.б. шааарларында 50дөн ашык бүтүрүүчүлөрү гранттык негизде билим алып жатышы сыймыктанарлык. Гимназиянын ишмердүүлүгү ар тараптуу бааланып, Кыргызстандын атын дүйнө жүзүнө дүңгүрөттү.

№69 ОТКГ  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин алдындагы Конфуций институтунун колдоосу менен кытай тилин предмет катары тереңдетип окутуп жатканына быйыл он жылдан ашты.

— Кытай тили  2004-жылдан бери киргизилген. Ага Кыргызстандагы Кытай элчилиги көмөк көрсөткөн. 2009-жылдан баштап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп, Конфуций класстары ачылган.  Волонтерлор ыктыярдуу түрдө келип, окуучуларды кытай тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүүдө. Учурда  18 класс-комплект  кытай тилин тереңдетип окуйт. Азия континенти боюнча Конфуций класстары 2012-жылы биринчи жолу № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында  ачылган эле.

Кытай тили бирикмесинин башкы максаттары — окуучуларга сапаттуу билим алууга  шарт түзүп берүү, окуучулардын  жеке кызыгуусуна ылайык дифференциалдуу окутуу жүргүзгөнгө шарт түзүү, кытай тилин эркин сүйлөө  менен бирге зарыл чөйрөдө колдоно билүүгө үйрөтүү. Кытай  тили усулдук бирикмесинде жалпы  тогуз мугалим иштейт.  Анын  ичинен   Кытай мамлекетинен келген бир мугалим, үч волонтер, жети жергиликтүү мугалимдер бар, — дейт Сайрагүл Атаева.

Кытай волонтерлору жана жергиликтүү мугалимдер биргелешип окутуунун мазмунун дайындап, окуу-методикалык материалдарына ылайыктап, окуу пландарын жана программаларын түзүшөт. Сабак убагында мугалимдер окуучулардын кытай тилине кызыгуусун арттыруу максатында, өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп, ар кандай маданий иш-чараларды уюштуруп келишет. Окуу системасы эки башкаруу системадан турат. Конфуций классы мектептин директору жана директордун чет тилдер боюнча орун басары, ошондой эле   Конфуций институту тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Мектеп өз тажрыйбаларын жайылтуу максатында Эл аралык конференцияларда мектеп директору Атаева С.Т.  докладдарды окуп келе жатат. Ошону менен бирге  республикалык семинарларды кытай тилин окуган мектептердин жетекчилерине, мугалимдерине өтүп турушат.

Окуучулардын билим деңгээлин текшерүү  максатында Конфуций  институту  тарабынан HSK, YCТ  тесттери алынып, Кытай Эл Республикасынан текшерилип келүүдө. Тесттерди 4-11-класстын окуучулары кызыгуу менен тапшырышууда. HSK-5 деңгээлин алган окуучулар жыл сайын көбөйүп келатат.  Бул алынган сертификаттардын жыйынтыгы менен окуучулар Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына акысыз билимдерин улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жыл сайын жайкы каникулда окуучулар жана мугалимдер өз билимдерин жогорулатуу максатында Кытай Эл Республикасынын  шаарларынан окуп келишет. Жайкысын Конфуций институту кытай тилин окуган мекемелердин жетекчилерин окутуу боюнча атайын бир айлык семинар Урумчи шаарында, Сяменге, Пекинде уюштурушат. Ал семинарга С.Атаева барып, мектептеги кытай тилин үйрөтүү боюнча кенен айтып, суроолоруна жооп берет.

— Гимназия жыл сайын  кытай тили боюнча  эл аралык, республикалык, шаардык деңгээлдеги  ар түрдүү  кароо-сынактарда байгелүү орундарга ээ болуп келатат.

Республикада  кытай тили окутулган мектептердин ичинен №69 мыкты деп айтылып келет. Анын жыйынтыгы менен сыйлыкка татыктуу болдук. Биз инновациялык мектеп катары мүмкүнчүлүктөрүбүз арбын. Маселен, кытай тилин тереңдетип окутууга кошумча акы төлөнгөн сааттарды ата-энелер колдойт. Андан сырткары, волонтердун сааттары менен толукталып, сааттардын санын жетиштүүлүгүнүн негизинде окуучулардын чет тилдерди  жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк кеңейди, — дейт С.Атаева.

Кытай тилин өнүктүрүүдө  № 69 ОТКГнын Конфуций классы Конфуций инститтуту менен биргеликте болгон күч аракетин жумшоодо. Мындан тышкары мектепте  “Кытай достук көпүрөсү”, ошондой эле  кытай тили боюнча ар түрдүү кароо-сынактар, билим таймаштары: “Сулуу жазуу”, “Каллиграфия” , “Дил баян”, “Ыр-бий” кароо-сынактары, маданияты тууралуу иш-чаралар уюштурулуп, Кытай маданият, саясат, экономика жана спорт чөйрөсүндө салыштырма изилдөөлөр темасы боюнча лекциялар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

№ 69 ОТКГнын Конфуций классында ата-энелер менен мугалимдер окуучулардын кытай тилин өздөштүрүүсү үчүн тыгыз иштешип келишет. Мектеп окуучуларынын абалы жөнүндө ата-энелерге маалымдоо үчүн ачык эшиктер күнү үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ата-энелерге мектепте ар түрдүү иш-чараларга   активдүү катышуу жана алар менен кызматташуу сунушталат. Мисалы,  кытай маданиятынын жумалыгында ата-энелер менен окуучулар биргеликте Кытайдын ар түрдүү тамактарын жасап, кытай көргөзмөсү жана маданияты менен таанышып келишет.

Жаз майрамы убагында окуучулар  терең мааниге ээ болгон “ФУ”- бактылуулукту билдирген сөзүн жасашып, үйлөрүнө алып барып, үй-бүлөсүнө тааныштырат.

Кытай мугалимдери дагы мектепте өткөрүлүп келген ар түрдүү кыргыз элинин улуттук Нооруз, Курман айт сыяктуу майрамдарына кызыгуу менен катышып келишет.

№ 69 ОТКГнын Конфуций классы жергиликтүү мекемелер жана ар кандай билим берүү маданий мекемелер менен активдүү кызматташат. Мисалы, Бишкек шаарынын 1-Май району тарабынан жергиликтүү элдерге уюштурулган“Китепканалык күн”, “Музей түн”сыяктуу иш-чаралары. Ошондой эле Конфуций институту тарабынан  кыргыз элинин жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына уюштурулган иш-чара кыргыз жана кытай тилинде өтүп, мектеп директорлору жана окуучулары катышышты.

Ушул эле жылы “Chun lai Qi” компаниясынын өкүлү Лю Ли айым №69 гимназияда иш сапары менен болуп,  окуучулардын кытай тилин мыкты өздөштүрүү жана тереңдетүү максатында сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

Алардын негизги максаты – окуучулар менен тажрыйба алмашуу долбоорун ишке ашыруу болуп эсептелет. Бул долбоорго ортоңку жана жогорку класстын окуучулары камтыла тургандыгы белгилүү болгон.

Лю Ли айым жетектеген  мектеп Хынан аймагында жайгашкан. Анын айтуусу боюнча, 10000 окуучуну камтыган жогорку даражадагы мектеп экен. Бул сүйлөшүү келечектеги ишке ашырылуучу иш катары каралып жатат. Кыргызстан тарабынан жиберилчү окуучулардын тамак-ашы, жатаканасы бекер, болгону жол киресин төлөш керек. Окуучуларды жиберүүнүн чеги жок экени да айтылды. Ал эми Кытайдан келип №69 мектепте окуйм дегендердин бардык каражаттарын алар өз моюндарына алышкан. Ошентип Кытайда бекер билим алуунун дагы бир жолун №69 гимназия ачмак болду. Мындай эл аралык кызматташуулар, албетте, көсөм жетекчинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

—   Гимназияда  түзүлгөн шарттарды колдонгон окуучулар Кытайдын эң ири шаарларынын, тактап айтсак, Пекин, Шанхай, Сиянь, Харбин ж.б. белгилүү жогорку окуу жайларына гранттын негизинде өтүп, азыркы мезгилде алтымышка жакын бүтүрүүчүбүз окушууда. Алар алган билимдерин пайдалануу менен  Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымдарын кошоруна ишенимибиз чоң. Дүйнөдөгү 162 өлкөдөгү Конфуций класстардын эң мыкты деп табылганыбыз  биз үчүн сыймык, ошону менен бирге гимназиянын окуучулары жана мугалимдери үчүн келечекке чоң мотивация жана жоопкерчилик катары кабыл алабыз, — дейт КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Сайрагүл Атаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер