ДҮЙНӨДӨГҮ ЗОБОЛОЛУУ ИЛИМИЙ ЖУРНАЛДАРГА КАНТИП МАКАЛА ЧЫГАРУУГА БОЛОТ

  • 11.05.2020
  • 0

Онлайн университет платформасы эртең, 12-майда, саат 15.00дө Scopus жана Web of Science журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?” аталыштагы вебинар өтөт.

Вебинарда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, доц.м.а.(PhD) Бактыбек Исаков илимий коомчулуктагы таасирдүү эл аралык журналдарга макала жарыялоонун талаптары жана эрежелери тууралуу маалымат берет.

Анда эл аралык журналды тандоо, байланышуу, илимий макаланы редакторлорго сунуштоо менен бирге илимий макаланын мазмуну жана структурасы боюнча жалпы талаптар тууралуу сөз болот. Вебинардын мазмуну чет элдик илимий макалаларды жазуу боюнча курстардын негизинде иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, дүйнөдө бардык жогорку окуу жайларынын, аны менен бирге окумуштуулардын бедели аталган маалымат базасына кирген басылмаларда чыккан макалалары менен өлчөнөт.

Эске салсак, Scopus жана Web of Science журналдарына макалаларын жарыялоо талабы учурда кыргызстандык изилдөөчүлөргө кандидаттык жана докторлук  диссертация жактоо үчүн коюлуп келет.

Жаңы ачылган Онлайн университеттин курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген мекендештерибизден жана Кыргызстандагы тажрыйбалуу педагогдордон  турат.  Аталган платформа дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу билим берүүнү  онлайн  режиминде жүргүзүү жана эл аралык окуу жайларда, изилдөө институттарында эмгектенген  мекендештерибиз менен тыгыз кызматташуу аркылуу Кыргызстандын билим берүүсүнө өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу максатын  көздөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер