ДҮЙНӨДӨГҮ АБРОЙЛУУ ИЛИМИЙ ЖУРНАЛДАРГА МАКАЛА ЖАЗУУНУ ҮЙРӨТКӨН ВЕБИНАРЛАР СЕРИЯСЫ БАШТАЛДЫ

  • 13.05.2020
  • 0

Онлайн университети платформасы 12-майда Scopus жана Web of Science журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?” аталыштагы вебинары менен өзүнүн Изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлар сериясын баштады.

Алгачкы вебинарды эмгектери чет элдик абройлуу илимий журналдарга жарыяланган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доц.м.а. (PhD) Бактыбек Исаков илимий макала жазуунун талаптары жана эрежелери тууралуу баяндамасы менен ачып берди.

Вебинарда Б.Исаков эл аралык илимий журналдар менен байланышуу, редакторлорго макаланы сунуштоо, Scopus жана Web of Science маалымат базасына кирген журналдарынын талаптарына ылайык макаланы жазуу өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду. Мындан тышкары макаланын структурасы жана мазмуну, изилдөөнүн суроолору, методологиясы, изилдөө чектеринин жана алкактарынын белгилениши тууралуу маалымат берип,  изилдөөнүн илимге кошчу салымына басым жасоо менен, макаланын  оригиналдуулугуна журнал редакторлорун ынандыруу жолдору тууралуу мисалдардын негизинде айтып берди.

“Макала жазууда ойдун тактыгы, ирээти сакталышы абдан маанилүү. Алсак, тарых жөнүндө жазылган эмгекти тарыхчы да, археолог да, адабиятчы да, тилчи да, жада калса математик дагы окуп түшүнүшү абзел”, – деди  окумуштуу Бактыбек Исаков.

Вебинарга катышкан окумуштуулар жана изденүүчүлөр журналдардын дүйнөлүк рейтинги, макаланын жарыяланыш мөөнөтү, ар түрдүү өлкөлөрдүн академиялык салттуулугу боюнча кызыктырган суроолорун беришти.

Эске салсак, Scopus жана Web of Science журналдарына макалаларын жарыялоо талабы учурда кыргызстандык изилдөөчүлөргө кандидаттык жана докторлук  диссертация жактоо үчүн коюлуп келет.

Белгилей кетсек, “Онлайн университети” платформасынын Изилдөө усулдары лабораториясынын вебинарлары мындан ары да улантылып, илимий журналдарды тандоо, финансылык пайда көздөгөн журналдарга алданып калбоо, актуалдуулугу жогору илимий темаларды аныктоо, изилдөө этаптары жана жалпы эле академиялык жазуунун талаптары тууралуу илимдеги маанилүү темаларда вебинарлар сериясын улантат.

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Бөлүшүү

Комментарийлер