ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ   

  • 10.02.2020
  • 0

5-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин окутуучулары, аспиранттары, магистранттары жана студенттери  оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушушту.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВ КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ   

Жолугушууда кыргыздын атын кыйырга даңазалаган спортчу Каныбек Осмоналиев жашоодогу өзүнүн жетишкен ийгиликтери, ийгиликке жетүүдөгү талбас  аракеттери, басып өткөн жолу тууралуу кеңири маек куруп берди. Студенттер үчүн абдан керектүү жана кызыктуу,  таалим-тарбиялык мааниси өтө жогору турган акыл-насааттарын айтты.

Ата-эне тууралуу, ата-эненин ыйыктыгы, эненин балага болгон мээрими жөнүндө айткандары жыйынга катышкан ар бир студенттин ата-энеге  болгон урмат-сыйын арттырды.

Жыйындын соңунда окуу иштери боюнча проректору Т.Коңурбаев К.Осмоналиевге университеттин “Ардактуу профессору” деген   дипломду тапшырып, убактысын бөлүп, студенттер менен жолугуп, кызыктуу маек куруп бергени үчүн окуу жайдын жетекчилигинин атынан ыраазычылыгын билдирди жана мындан ары да бат- бат келип, студенттер менен жолугушуп туруусун өтүндү.

Бөлүшүү

Комментарийлер