CУЗАКТАГЫ ИНФОРМАТИКА МУГАЛИМДЕРИНЕ ТӨЛӨНГӨН АКЧА КАЙТАРЫЛБАЙТ

  • 01.10.2019
  • 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы информатика мугалимдери акыркы үч жылдагы эмгек маянасына ден-соолугуна келтирилген зыян үчүн деп кошумча төлөнгөн каражатты кайтарбайт, анткени КР Эмгек кодексине ылайык, арифметикалык катадан башка туура эмес эсептелген эмгек акыны кайтаруу мүмкүн эмес.

Буга чейин мугалимдердин айлыгына 15% кошулуп берилген каражат Экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын тийиштүү бүтүмүсүз Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катачылыгы менен которулган. Бул үчүн кызматкерлер жазаланат.

Буга чейин ММКда Сузак райондук билим берүү башкармалыгы информатика мугалимдеринен 2016-2018-жылдар аралыгында айлык маянасына кошулган 15 пайыздык кошумча акчаны кайтарып берүүнү сурганган маалымат тараган.

Бөлүшүү

Комментарийлер