ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМДИН ЭӉ ЧОӉ БАКЫТЫ

  • 08.06.2020
  • 0

 

ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМДИН ЭӉ ЧОӉ БАКЫТЫ

 

Өткөн жазда айылдык чыгаан педагог, Т.Эргешовдун «Сүйүнчү» ырлар жыйнагынын түзүүчүсү, көп кырдуу талант ээси Бакытбек Абдыразаков оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эле.

Бир туугандары, кызы, жакын санаалаштары ыр китебин чыгаруу идеясын көтөрүшкөн.

Окуучусу, шакирти катары китебине редакторлук кылдым. Абдан мыкты ырлары бар экен. Агай өзүнө талапты катуу койгон, мактанууга, таланты, кылган иши аркылуу кадыр күтүүгө ашыккан эмес. Көз мончоктой бекитип жазып жүргөндөрүн терип, китеп кылып чыгардык.

ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМДИН ЭӉ ЧОӉ БАКЫТЫ

 

Бакыт агай мага кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болгон эле. Эми минтип ыр жолундагы мугалимим да болуп калды.

Буюрса, агайдын жакындары алдыда эскерүүлөр жана макалалар жыйнагын чыгарууну да пландап жатышат.

 

Улукбек Омокеев

Бөлүшүү

Комментарийлер