ЧЫНЫГЫ ЛИДЕР, ЧЫГААН ОКУМУШТУУ

  • 07.11.2021
  • 0

Бүгүн 7-ноябрда көрүнүктүү окумуштуу жана билим берүүнүн такшалган лидери Рысбек Нургазиев агабыз алтымышка толду. Бул мааракеге жалпы журт кадырлаган агабыз эң жакшы жетишкендиктер менен келди. Жакында эле Улуттук Илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланды. “Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер” жогорку ардактуу наамына ээ болду. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностика кылуу каражаттарын иштеп чыккандыгы үчүн 2016-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болду. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз президентинин “Кыргызстандын Агрардык элитасы” сыйлыгы менен сыйланды.

ЧЫНЫГЫ ЛИДЕР, ЧЫГААН ОКУМУШТУУ

Рысбек Нургазиев жетектеген он жыл аралыгында Кыргыз Улуттук агрардык университети Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайлардын катарына чыкты. Окуу-материалдык базасы жаңырып, жаркыраган жаңы түскө ээ болду, илимий долбоорлор кулачын жайды, эл аралык байланыштары дүркүрөп өнүктү. Синцзянь айыл чарба академиясы менен биргеликте жер кыртышы менен суунун сапатын аныктоо жана фитосанитардык контроль боюнча эки заманбап лаборатория ачылды. Финляндиянын университети менен балык кармоо жана аквакультура боюнча алдыңкы тажрыйбаны окутуу, жайылтуу багытында Агрардык университеттин базасында биринчи жолу кызматташтык башталды. Акваборбор, электрондук китепкана, демонстрациялык балык чарбасы, суу лабораториясы ачылды. Чет тилдерге окуткан лингафондук кабинет ачылды. Ветеринардык врачтар Япониянын Обихиир университетине он айлык стажировкага барып келишти.

Ректордун өзүнүн демилгеси менен университеттин суу ресурстарын башкаруу факультетинин лаборатордук корпусунда Борбордук Азиядагы бирден бир Суу музейи ачылды. ТИКАнын линиясы менен экономика факультетинде “кооперация, агрөнөржай интеграциясы боюнча алдыңкы билимди жайылткан “Окуу маалыматтык консультациялык борбор» түзүлдү.

ЧЫНЫГЫ ЛИДЕР, ЧЫГААН ОКУМУШТУУ

Агрардык университеттеги жаңылануу жана жетишкендиктер жөнүндө дагы тизмектеп көп айтсак болот. Эң негизгиси бул окуу жай стратегиялык көз караштагы чыныгы кесипкөй лидердин жетекчилиги астында өнүгүү жолунда баратканы кашкайган факт.

Академик агабыз Кыргызстанда вирусологдордун илимий мектебин түздү жана жетектеп келатат. Биологиялык жана ветеринардык илимдин беш докторун, 18 кандидатын даярдап чыгарды. Анын вирусология жана молекулярдык биология боюнча таланттуу шакирттеринин жаңы мууну өсүүдө. Аларга дүйнөдөгү эң алдыңкы илимий борборлорго барып окуп, тажрыйба топтоп келгенге шарт түзүп берди. Рысбек агабыз ошондуктан кыргыз вирусологдорунун атасы деген наамга толук татыктуу болду.

Рысбек агабыздын бул жетишкендиктери менен мен жакын иниси катары да абдан сыймыктанам. Биздин аталарыбыз бир айылда, бир көчөдө жашаган, советтик чарбанын алдыңкы зоотехниктери болуп бирге үзөңгүлөш иштеген эң жакшы достордон болушту. Аяш атам Зарылдык байке уулунун жетишкендиктерине эки дүйнөдө тең ыраазы деп ойлойм.

Рысбек аганын улуу кызы Асель дагы атасынын жолун жолдоп, биотехнология боюнча доктор, профессор болду. Уулу Дастан юриспруденция боюнча аспирантурада окуп жатат.  Жеңебиз Гульнара Казакбаевна көп жылдардан бери Агрардык университеттин кыргыз жана орус тилдери кафедрасында сабак берип, академик агабызга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келатат.

Рысбек Нургазиев агабызды алтымыш жаш мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы ишмердигинде дагы албан-албан ийгиликтердин боло беришине миң мертебе тилектешмин!

Кубатбек Чекиров, «Кут Билим» газетасынын башкы редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер