ЧЫНАР ЭЖЕЙДИН ОКУУЧУСУ АЛДЫДА

  • 21.12.2021
  • 0

Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстын мугалими Шайыбекова Чынардын окуучусу Рыскелди кызы Роза электрондук китептерди окуу боюнча чемпионатта жеңүүчүлөрдүн катарында болду.

ЧЫНАР ЭЖЕЙДИН ОКУУЧУСУ АЛДЫДА

Бул кызыктуу таймаш USAIDдин «Окуу керемет» долбоорунун алкагында уюшулуп, ал үч баскычтан: мектептик, райондук жана облустук турдан турду. Шайыбекова Чынар эжейдин 4-«А» классынын окуучусу Рыскелди кызы Роза биринчи турда үчүнчү, экинчи турда экинчи орунду багындырды. «Раритет» китеп дүкөндөр тармагынан китепкөй окуучуга 2000 сом өлчөмүндө китептерди сатып алууга белек сертификат жана «Ыраазычылык кат» берилди.
Таймаштагы тапшырмага ылайык окуучулар окуган китеби боюнча «эки бөлүктүү күндөлүк» түзүүгө тийиш болчу.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер