«ЧЫЛЫМ ЖЫТТАНБАГАН ОКУУ ЖАЙ»

  • 31.05.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун  Педагогикалык колледжи менен Гуманитардык колледжинин студенттери жана окутуучулары «31-май — Бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы» күнүнө карата  «Чылым жыттанбаган окуу жай» аттуу акция өткөрдү.  

Акциянын алкагында медициналык пункттун дарыгерлери тарабынан студенттер арасында онлайн форматта сүрөт тартуу боюнча сынак да болду. Анда жаштар арасында чылым чегүү терс көрүнүш катары кабылданбай, көнүмүш адатка айланып бара жатканы, чылымдын ден соолукка олуттуу зыян келтире тургандыгы ачык көрсөтүлдү. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан студенттерге белектер тапшырылды. Активдүү катышып, сыйлыкка ээ болгон студенттер: Раимкулов Кудайберген, Кубатбекова А , Алиев М.Д. , Масалбекова Элнура , Зулпуева Мээримгүл жана башка студенттер болушту.

Иш-чарага окуу жайдын алдындагы медпункттун ак халатчан дарыгерлери: З.Абдыкеримова, А.Исакова, Э. Момункулова да катышты. Бул акцияны өткөрүүдө уюштуруу иштерине жардамдашкан активдүү студент Уланбек кызы Гүлнурга эки колледждин жетекчилиги өзгөчө ыраазычылык билдиришти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер