ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИНИН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

  • 20.05.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыштаануу  жана эл аралык мамилелер факультетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги  жыйыны онлайн режиминде ZOOM платформасы аркылуу өттү.

Отурумдун төрагасы, факультеттин деканы З.Алымкулов күн тартибиндеги 2019-2020-окуу жылында аткарылган окуу-тарбия, илимий иштерди талкуулоо, кафедра башчыларынын 2019-2020-окуу жылында кафедраларда аткарылган иштери боюнча отчётторун угуу, онлайн режиминдеги сабактарды өтүүнүн абалы студенттер менен болгон кайтарым байланышты бекемдөө сыяктуу бир катар маселелерге токтолуп, окутуучуларды студенттер менен байланышты күчөтүүгө, алдыдагы сессияны ийгиликтүү жыйынтыктоого чакырды.

Андан сырткары бүтүрүүчү курстардын мамлекеттик экзамендерин, дипломдук иштерин жактоонун түрдүү жолдорун талкуулашты. Кафедра башчылары болсо жыл ичинде аткарылган иштери жана карантин маалындагы сабактардын өтүлүшү, студенттердин сабакка катышуусу, кайтарым байланыштын жүргүзүлүшү боюнча отчётторун беришип, окуу жылын жыйынтыктоо боюнча сунуштарын айтышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер