«ЧЫГЫШ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ САЯКАТ — 2021»

  • 20.04.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде «ЧЫГЫШ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ САЯКАТ — 2021» аттуу жарманкеси өттү. Ага Ош шаарындагы мектептерден 400дөн ашуун окуучу катышып, чыгыш (араб, түрк, фарси, корей, япон, кытай) элдеринин улуттук баалуулуктары, окуу куралдары, тамак-аш азыктары, ыр-бийлери менен таанышты.

Иш-чарада ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков мектеп окуучуларына окуу жайдын жетишкендиктери жана билим алууга түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди.

Конок катары катышкан төкмө акын Идрис Айтибаев ОшМУдагы окутулуп жаткан адистиктерди, анын ичинен чыгыш таануу адистигинин өзгөчөлүгү жана андагы билим алган адистердин келечеги тууралуу обонго салып ырдады.

Иш-чараны кесипке багыт берүү макатында Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасы жана Чыгыш таануу илимий-изилдөө институту биргеликте уюштурду.

Бөлүшүү

Комментарийлер