ЧЫГАРМАЧЫЛ БАЛДАРДЫН БОРБОРУ

  • 25.06.2020
  • 0

Манас райондук балдарга билим берүү борборуна ата-энелердин демилгеси менен 49100 сомдук эмеректер менен класс кабинеттери жабдылды. ОсОО ”Альянс Алтын” “Бакубат Талас” фондусу тарабынан “Шахмат” ийриминин класс-кабинетинин толук ремонт иштерине 100485 сом бөлүнүп, тендерден өтүп, жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл алууга даярдыктар жүрүп жатат.

Манас райондук балдарга билим берүү борбору карантин учурунда онлайн форматында бир топ иш-чараларга катышты. Маселен, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан уюштурулган “Өлбөс полк” акциясына, “Аталардын эрдигин даңтайбыз” онлайн-фестивалына, 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата “Мен ата-энеме ыраазымын” акциясына активдүү катышып келди.

— “Жашоо бул — бакыт, сүйүү, сулуулук” аттуу онлайн сүрөт, дил баян, көркөм окуу сынагы Манас райондук балдарга билим берүү борбору тарабынан уюштурулса, “Биз вирусту жеңебиз” аттуу сүрөт сынагы “Бакубат Талас” фондусу тарабынан, ал эми “Боорукер мамалак” аттуу эстафетасы акциясы “Балажан” борбору тарабынан уюштурулду, — дейт борбордун директору З.Абдраимова.

Манас райондук Балдарга билим берүү борбору мектептен тышкаркы билим берүү мекемеси болуп 2001-жылдан бери иш жүргүзүп келет. Борбордун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана мөөнөттүү окутуу-тарбиялоо комплекси катарында министрликтин буйругуна ылайык түзүлгөн. Манас райондук Балдарга билим берүү борборунда окутуу 6 жаштан 17 жашка чейинки курактагы жаш муундар билим алат. Бүгүнкү күндө Манас райондук Балдарга билим берүү борборунда 16 ийрим бар. Борбордо жалпы 21 мугалим эмгектенет. 71 тайпага 857 бала келип билим-тарбия алат.

— Борбордун негизги максаты — аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жарым жетим балдарга бардык жактан колдоо көрсөтүү менен бирге балдардын келечекте алдыларына койгон максаттарына багыт берүү жана жаш өспүрүмдөрдүн өз убактарын туура пайдаланууга, социалдык маданий жана билим муктаждыктарын канааттандыруу, дем алуу убактысын уюштуруу, чыгармачылыкка болгон шыгын өркүндөтүү, интеллектуалдык ойлоп табуучулук аң-сезимин өстүрүү, ошондой эле келечек муундарыбызды кесипти туура тандоону үйрөтүү болуп саналат, — дейт борбордун жетекчиси.

Манас райондук балдарга билим берүү борбору музыкалык-эстетикалык; көркөм жана көркөм эстетикалык; илимий техникалык; экология-биологиялык; көркөм кол өнөрчүлүк; спорттук; социалдык-педагогикалык багыттар боюнча иш алып барат.

Борбор “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, билим берүү системасы үчүн кабыл алынган мыйзамдык нормативдик актыларга, “Типтүү жобого” жана мекеменин Уставына таянып иш алып барат. Манас райондук балдарга билим берүү борборунун окуу планынын түзүмү балдардын ар түрдүү ыктыярдуу кызыгуусун жүзөгө ашырат. Окуу планында билим берүү программасы балдардын өзгөчөлөнгөн жаш курагына жараша максималдык мүмкүн болгон жүктөмдөрдү окуучулардын физиологиялык мүмкүнчүлүктөрү жана жалпы билим берүү мекемесиндеги окуу убактысына байланыштуу сааттардын саны түзүлөт жана тарбиялануучунун жаш курагына, окутуунун жылына, ийримдердин өзгөчөлүктөрүнө карата кошумча билим берүү программасынын шарттарын ишке ашырууга негизделет. Борбордо окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт жана окутуу 6 жаштан 17 жашка чейинки курактагы жаш муундар билим алат. Борбордо окутуу дүйшөмбүдөн жумага чейин балдардын өзгөрүлмө курамы менен иштейт, — дейт жетекчи. Тарбиялануучулар үчүн академиялык сааттардын созулгандыгы туруктуу. Борбордогу окутуу 3-4 курактагы тайпалар менен ишке ашат. Окутуунун шарты төмөндөгүдөй:

1-окуу жылындагы тайпада 10-15тен окуучу бул топто 4 сааттан (орто жана улуу топтогулар үчүн 6 академиялык саат) 144 саат (72 саат 216 саат)

2-3-окуу жылында тайпада 15-20дан окуучу бул топто 4 сааттан (орто жана улуу топтогулар үчүн 6 академиялык саат) 144 саат (72саат 216 саат), — дейт директор.

Мекеменин иши жылдык календардык график менен регламентацияланат, ошого ылайык окуу жылынын узактыгы 36 жуманы түзөт. Даярдоо тайпасы жана биринчи жылы окуган тайпаларды комплектөө 20-августтан 15-сентябрга чейин жүргүзүлөт, ал эми экинчи жана үчүнчү жылы окуган тайпалардын ийримдик сабактары 1-сентябрдан башталат.

Жыл жаңыргандан баштап “Алтын Түйүн” балдардын билим берүү академиясында жаш техниктердин “Илим +Ойлоп табуу=Техника” жаш техниктердин кароо-сынагына борбордон үч окуучу катышып, “Алтын Түйүн” РБИТАнын сертификаттары менен сыйланышты. Ал эми “Биз эскеребиз” аттуу райондук сүрөт сынакка 11 мектеп жана борбордун окуучулары катышкан. Анда 56 окуучу катышып, анын ичинен 11 окуучу жеңүүчү аталып, “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна балдардын тарткан сүрөттөрү жөнөтүлгөн.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер