ЧЫГААН ШАКИРТТЕР ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

  • 04.03.2022
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Устат-шакирт» долбоорунун алкагында «Устаттан шакирт өтөт» аттуу кароо-сынак аягына чыкты.

Бир айга созулган бул иш-чаранын  жүрүшүндө жаш мугалимдердин бардыгы эки жолудан ачык сабак өтүп беришти. Насаатчылар өз шакирттерине сабак өтүүнүн салттуу жана жаңычыл усулдарын үйрөтүштү.

ЧЫГААН ШАКИРТТЕР ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛУШТУ

Биринчи орунду Озода Умирзакова, экинчи орунду Райхан Умаркулова ,ал эми үчүнчү байгени Сафира Каххоровалар ээлешти.

Тайир Аширбай,  Лейлек району

Бөлүшүү

Комментарийлер