“МАМЛЕКЕТТИК ЧЫГААН ИШМЕР”

  • 23.12.2021

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган ушундай аталыштагы иш-чара Кыргыз улуттук агрардык университетинде  өттү.

Ветеринардык медицина  биотехнология факультетинин 2-курсунун студенти Дилдемурат уулу Тимурлан жана айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы факультетинин 2-курсунун студенти Көчөрбаева Салима Жусуп Абдрахмановдун өмүр таржымалы жана ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады. Инженердик техникалык факультетинин 4-курсунун студенти Каныбек уулу Кылымбек, аталган факультеттин 2-курсунун студенти Ысмайыл уулу Ырыскелди, гидрмелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультетинин 1-курсунун студенти Намазбеков Адис “Акыркы сурак” аттуу сахналашкан оюн тартуулашты.

Соңунда, студенттерге Жусуп Абдрахманов тууралуу суроолор берилип, жооптор алынды. Мыкты жана туура жооп берген студенттерге жана активисттерге сертификат берилди.

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү