ЧЫГААН БОЛСУН УСТАТЫНАН ШАКИРТИ!

  • 23.11.2020
  • 0

19-ноябрда Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында «Математика сабагында  окуучулардын ой жүгүртүүсүн  өнүктүрүү” деген темадагы  шаардык семинар  болуп өттү.

ЧЫГААН БОЛСУН УСТАТЫНАН ШАКИРТИ!

Семинар математика сабагынын мугалими, жылдын “Мыкты мугалими” номинациясынын ээси, шаардык “Аял — үйдүн куту” конкурсунун,   “Ден соолук — 2016” спартакиадасынын, республикалык “Креативдүү мектептер”  китеп окуу сынагынын, республикалык «Санарип  мугалим» конкурсунун областтык турунун жеңүүчүсү Чыналиева Элнуранын иш-тажрыйбасына арналды.

Бул күнкү семинарда окуучулары АКМОдон, шаардык, областтык, республикалык  олимпиадалардан байгелүү орундарга ээ болуп жүргөн Чыналиева Элнуранын  педагогикалык ишмердүүлүгүнө кызыккандар арбын болду. Жаш адистер Элнуранын эмгегине саресеп салышты.ЧЫГААН БОЛСУН УСТАТЫНАН ШАКИРТИ!

Чыналиева Элнуранын устаты, математика усулдук бирикмесинин башчысы Кырбашова Бүбүайша «Математика сабагында окуучуларды логикалык ой-жүгүртүүгө үйрөтүү» деген темада доклад окуп,  жаш адистерге  кызыктуу логикалык  суроолорду берди.

Докладчы өз сөзүндө Чыналиева Элнуранын Математика  сабагынан 5-класстар үчүн түзгөн «Жумушчу дептерине»  баа берип, «Жумушчу дептер» 5-класстын  окуучуларынын өз алдынча иштөөсүнө, логикалык ой жүгүртүүсүнө басым жасоо менен математикалык эрежелерди  туура колдонуп, мисалдарды, маселелерди туура чыгаруусуна  көмөктөшөрүн баса белгиледи.

ЧЫГААН БОЛСУН УСТАТЫНАН ШАКИРТИ!

Кошумчалай кетсек, аталган «Жумушчу дептер» 5-класстын программасынын негизинде  ар бир темага ылайыкталып түзүлүп, төмөнкү:

1) «Темага  тиешелүү болгон эрежелер»;

2) «Тест менен иштөө»;

3) «Математикалык диктант»;

5) «Салыштырууга мисалдар»;

6) «Логикалык тапшырмалар» сыяктуу бөлүктөрдөн турат.

— «Менден алган билимиңди өөрчүт” дейт,

“Баскан изден урук өсүп-өнсүн” дейт.

“Чыгаан болуп устатынан шакирти,

Чыны менен ак эмгекке көнсүн дейт» деген улуу саптар бекеринен айтылбаптыр, биз семинарда  устат менен шакирттин бирин-бири толуктап турган касиетин көрө алдык, — дешти мында келген жаш адистер.

Устатынын жардамы түзүлгөн математика сабагынын 5-класстар  үчүн   жумушчу дептерин тааныштыруу  семинардын негизги өзөгүн түздү.

Семинарда 6-«а» классынын окуучулары  Zoom платформасын колдонуп, логикалык тапшырмаларды аткарышты. Математика предмети боюнча  республикалык  таймашта 2-орунду алган 9-«а» классынын окуучусу  Тагайбеков Бакай, «Активдүү катышуучу» номинациясынын  ээси Кадыров Касым саяпкер мугалимге өз ыраазычылыгын билдиришти. Ал эми ата-энелер болсо, онлайн куттуктоолорун жөнөтүштү.

Тегерек үстөлдө ШБББнүн усулдук кабинетинин башчысы Каракозуева А.К. усулчулар Молдомуса Ы.К., Орозов Т.К., шаардык мектептердин директорлору, математика мугалимдери Чыналиева  Элнуранын  санарип мугалим катары тажрыйбасы колдоого аларлык экенин баса белгилешти.

Семинардын жүрүшүнө аралыктан байкоо салган «Кара-Көл нуру» газетасынын редактору Кошматова  Разия:

«Санарипти киргизүүдө сабакка,

Аракети катуу болду эжейдин.

Сыймыктанып Элнурага  биз дагы,

Чын жүрөктөн куттуктайбыз жеңишин» — деген онлайн  куттуктоосун жөнөтсө, дагы бир чыгармачыл мугалим Тагаева Фаризат:

«Айта кетсек сөзүбүздүн кыскасын,

Ийгиликтер Элнуранын колунда.

Ар тараптан өркүндөй бер, өсө бер,

Ак эмгектин аруу таза, жолунда!» деп жазат.

 

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер