ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА: МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ЖАЗУУЧУНУН ҮЙ-МУЗЕЙИНДЕ БОЛДУ
- 19.08.2026
- 0
2026-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев залкар жазуучу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине даярдык көрүү алкагында Бишкек шаарындагы калемгердин үй-музейине барды. Маданий мааниси зор бул иш-чарага Министрлер Кабинетинин башчысы менен бирге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Иш-сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев үй-музейдин учурдагы абалы, баалуу музей материалдарын сактоо шарттары жана улуу жазуучунун басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн чагылдырган экспозициялар менен жакындан таанышты. Төрага музейдин уникалдуулугун баса белгилеп, ал жөн гана имарат эмес, дүйнөлүк маанидеги сөз чеберинин өмүрү жана жаратмандык жолу менен тыгыз байланышкан өзгөчө тарыхый-руханий жай экенин айтып өттү. Жолугушуунун алкагында музейдин келечектеги ишмердүүлүгү жана музей комплексинин инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды. 
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын бекитилген планына ылайык, борбор калаада ири «Айтматов ордосу» комплексин түзүү демилгеси каралган. Бул алкакта алдыда долбоордук иштерди жүргүзүү, сынак жарыялоо жана курулуш иштерин уюштуруу күтүлүүдө. Иш-сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жогорудагы пландарды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.
А.К., «КБ»
Комментарийлер