ЧЫҢГЫЗ АТАБЫЗДЫ ЖАШТАР УНУТПАСА ДЕЙМИН

  • 20.12.2021
  • 0

Жылдыздан сыйкырдуу нур пайда болгондой, кыргыздан Чыңгыздай улуу инсан чыкты. Унутулгус чыгармаларды жаратып, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытты.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыздын ар бир уул-кызына дем-күч берет. Анын чыгармалары жүрөктү толкундатат. Элди жакшылыкка үндөйт. Жаш келечекти алдыга багыттайт. Муздап калган жүрөктү жылытат. Алдыга коюлган ар кандай абалды женилдетет. Достукту жайылтат. Сүйүүгө бекем турууну үйрөтөт. Мекенди сүйүүгө, аны коргоого  үндөйт. Жакшылыкты гана чагылдырат. Анын чыгармаларын окуганда адамдардын жакшы же жаман экенин алдынан байкайбыз. Ак-караны тааныйбыз. Анын курч калеминен жаралган чыгармалары жүрөктөрдү жылытат. Адамдарды жаратылышка, жан-жаныбарга жана бири-бирине боорукер болууга чакырат. Ошон үчүн Чыңгызга бүт аалам таазим кылып баш ийет. Чыгармаларын окуп, толкунданып, көздөрүнө жаш алат. Мен Чыңгыз атабызды жаштар унутпаса деймин. Ар бир адамдын журөгүндө өчпөс от сыяктуу унутулгус болуп калсынчы! Жаш жүрөктү алдыга багыттасын! Алардын мекенине, достукка, сүйүүгө болгон жүрөгүн алоолонтсун! Адамдардын алдына койгон максаттарына, түрткү берсин! Жашоого кайдыгер мамиле кылган адамдардын жүрөгүн жылытсын! Аларга да алдына максат койгонду үйрөтсүн! Дүйнөдөгү кайдыгер каралып жаткан маселелер чечилсин! Адамдарды жакшылыкка гана үндөсүн!

Байзак кызы Аруужан,​ И. Арабаев атындагы КМУнун биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенти

​ ​ ​

Бөлүшүү

Комментарийлер