ЧОРОБЕК БАЙГАЗАКОВ -НЕКРОЛОГ

  • 04.02.2022
  • 0

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. «Легендарлуу парламенттин» депутаты Чоробек Байгазаков 76 жаш курагында каза болду.

Чоробек Байгазаков 1946-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган.

Маркум 1964-жылы Финансы-экономикалык техникумду аяктап, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылы Ат-Башы районундагы Киров атындагы колхоздо башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтер болуп иштөө менен баштаган. 1969-жылы Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында текшерүү тобун жетектеп, 1971-1974-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 1974-1981-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоздо башкы экономист, 1983-1992-жылдары «Живпром» мамлекеттик мал чарба комплексинде жана Баш-Кайыңды совхозунда башкы экономист, директордун орун басары жана директорлук кызматтарды аркалаган. 1992-1995-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп, 1995-2000-жылдары Ат-Башы токой чарбасынын директору, Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы болгон.

Чоробек Байгазаков бир канча жолу айылдык жана райондук кеңештердин депутаты, 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын муниципиалдык кызматынын мыктысы» төш белгисин алган.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Чоробек Байгазаковдун жаркын элеси мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

Мамытов Т. Т., Исаева Д. К., Примов У. Б., Сыдыгалиев Н. О., Абдибаева А. Н., Абиров Ж. Б., Ажибаев Ч. И., Азыгалиев Н. А., Айдарбеков Ч.А., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Акаев Ж. К., Алиев М. К., Алимбеков Н. К., Алимжанова Н. Я., Алимжанов Ф. А., Алтынбеков А., Атажанов Ы. Ы., Атамбаев С. А., Ашимова Д. А., Бакасов У. Б., Бакиров Ө. М., Бекешев Д. Д., Джумабеков Д. А., Джусупов Э. Р., Жакышов Р. Ш., Икрамов Т. И., Исатбек кызы А., Исираилов А. А., Исмаилов Ф. Д., Кадырбеков Н. К., Кенжебаев А. Б., Кожокулова Г.А., Козуев А.А., Кокулов Э. К., Коргонбай уулу Ж., Култаева Г. О., Кыдыкбаев Ж. С., Лурова Л.Х., Мадумаров А. К., Мажитова Ш., Малиев А. К., Мамасадыков З. Д., Маматалиев М. А., Масабиров Т.А., Масалиев И. А., Маткеримов А. Т., Матраимов И. И., Молдобекова Г. С., Мураталиев М. М., Нарматова Н. А., Нурбаев Ж. П., Омурзаков С. А., Ормонов У.З., Осмонов А.Ж., Ражабалиев Н. А., Раимбачаева В. К., Сабиров Р. А., Садырбаева Ж. Э., Саккараев М. Д., Самыйкожо М., Сарбагышев М. К., Сарыбашов Т. Н., Сатыбалдиев Э.Р., Сулайманов А. Т., Сулайманов К. К., Сулайманов Э. Н., Султанбекова Ч.А., Сыдыков Б. У., Сыдыков М. Ж., Таалайбек кызы Ж., Талиева К.А., Ташиев Ш. К., Таштанбеков А.Д., Темирбаева М. О., Тентишев Б. Э., Токторбаев Ж.Ш., Токтошев Э. Т., Толонов Д. Э., Торобаев Б. Э., Турсунбаев А. А., Тулобаев Б. З., Тумонбаев А.Т., Ханджеза К. Л., Чойбеков Б. К., Шабазов Б. В., Шакиев Н.Т., Эрбаев А.Т., Сабырбеков А.А.,Шаболотов Т.Т., Карапашов Б. Ш.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер