ЧОЛПОН-АТАДА «TECHNOMADS» ЭЛ АРАЛЫК ТЕХНО-КӨЧМӨНДӨР ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ
- 26.06.2026
- 0
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын Балалык» балдардын ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунда «TechNomads» эл аралык техно-көчмөндөр фестивалы өз ишин баштады.
Аталган масштабдуу иш-чара Агартуу министрлиги жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан биргеликте уюштурулду. Фестивалдын негизги максаты — жаштар арасында инженердик-техникалык билим берүүнү жайылтуу, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө көмөктөшүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо.
Бул жылы фестивалга Кыргызстандан жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдөн келген 197 жаш таланттар катышууда. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында өсүп келе жаткан муун үчүн келечектүү жана суроо-талапка ээ болгон сегиз багыт боюнча атайын мастер-класстар уюштурулду. Алардын катарында:
- Робототехника жана жасалма интеллект;
- Графикалык дизайн жана дрондорду башкаруу;
- Техникалык моделдөө жана шахмат;
- Тигүүчүлүк жана башка чыгармачыл багыттар бар.
Мындан сырткары, фестивалдын алкагында «Мурасты сактап, келечекти курабыз!» аттуу эл аралык форум өз ишин жүргүзүүдө. Форумда бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери — улуттук маданий мурастарды сактоодо санариптик технологияларды колдонуу, интернет мейкиндигиндеги кибербуллингдин (онлайн кодулоо) алдын алуу жана жаштардын эл аралык интеграциясын өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланып жатат.
Жаш ойлоп табуучулардын, инженерлердин жана программисттердин башын бириктирген «TechNomads» фестивалы үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна чейин уланмакчы.













Комментарийлер