ЧОЛПОН-АТАДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК АСТРОНОМИЯЛЫК ТУРНИРИ ӨТТҮ
- 22.11.2023
- 0
16-ноябрдан 19-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан жана Алматы шаарынан жана Казакстан Республикасынын “Бобек” улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан 70тен ашык мектеп окуучулары Чолпон-Ата шаарында Эл аралык астрономиялык турнирге катышуу үчүн чогулду.
Окуучулардын астрономиялык турнири – бул 7-11-класстын окуучуларынын изилдөөчүлүк жана илимий проблемаларды чечүүдө, чечимдерди сунуштоодо жана илимий талкууларда аларды жактай билүү боюнча командалык таймашы.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
Алтын медаль – Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын командасы (Рамазан Әмірхан Жомартұлы, Әлішер Диас Мақсатұлы, Заруов Али Серикович, Арманулы Арнур, Күнғожина Ғазиза);
күмүш медалдар:
Ысык-Көл облусунун командасы (Болотбеков Умар, Таалайбеков Алихан, Канатбеков Нурэл, Удовенко Дарья, Трясцына Наталья);
Казакстан Республикасынын “Бобек” улуттук илимий-практикалык, билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборунун командасы (Саенко София, Бектанова Жамиля, Раимжанова Айзере, Кусембаева Аруна, Ганиева Аида);
Коло медалдар:
Ош шаарынын командасы (Камилжанова Мээрим, Нурматова Алина, Тешебаева Алийна, Тутуева Акмаанай, Жапаров Мухаммедсабур);
“Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын командасы (Адиль, Станевская Наталья, Яншансин Саид, Исраилов Атай, Исаев Аян).
Турнир Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулган
Комментарийлер