Чолпон-Ата шаарында эл аралык «Мейкин Азия» фестивалы старт алат

  • 18.08.2023
  • 0
Бүгүн, 18 — августта Чолпон -Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын III эл аралык «Мейкин Азия» фестивалы старт алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чолпон-Ата шаарында эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы старт алат
Ага Кыргызстанды дүйнөлүк маданий жана туристтик мейкиндикке интеграциялоого багытталган ири фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен 18-жаштан 35 жашка чейинки талантуу жаш эстарда ырчылары катышат.
Иш чаранын жүрүшүн 3 күн бою Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жеринде түз алып көрсөтөт.
Фестиваль үчүнчү ирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан колдоого алынган.
Бөлүшүү

Комментарийлер