«ЧОГУУ ОКУЙБУЗ, ЧОГУУ ӨСӨБҮЗ»: МУГАЛИМДЕРДИН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУЧУ ИРИ АЯНТЧАСЫ
- 24.04.2026
- 0
2026-жылдын 24–25-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин базасында билим берүү тармагы үчүн маанилүү иш-чаралардын бири — “Чогуу окуйбуз, чогуу өсөбүз” (“Learning Together, Growing Together”) деген аталышындагы “Сабакты изилдөө (Lesson Study)” ыкмасына арналган эл аралык конференция өз ишин баштады. Бул ири иш-чарага Кыргызстан жана Казакстандан келген 600гө жакын мугалимдер, жетекчилер, усулчулар, эксперттер катышууда.


Программанын өзгөчөлүгү
Аталган конференция мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо, заманбап окутуу ыкмаларын жайылтуу, сабакты биргелешип талдоо жана билим берүү сапатын жогорулатуу багытында тажрыйба алмашууга арналган ири аянтча болуп саналат.
Конференцияга эл аралык деңгээлдеги спикерлер катышып, сабакты изилдөө усулу аркылуу окутуунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Конференциянын негизги максаты — “Lesson Study (Сабакты изилдөө)” ыкмасын жайылтуу аркылуу мугалимдердин өз ара үйрөнүүсүнө шарт түзүү, сабакты талдоо маданиятын өнүктүрүү, педагогикалык кызматташтыкты бекемдөө жана билим берүү тармагындагы эл аралык тажрыйбаларды Кыргызстандагы мектептерге алып келүү.
Эки күндүк конференциянын алкагында: эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин баяндамалары; практикалык сессиялар; панелдик талкуулар; сабакты изилдөө боюнча ийгиликтүү кейстер; мугалимдердин тажрыйба алмашуу аянтчалары жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жолугушуулар өтөөрү пландалууда.
Бул иш-чара педагогдор үчүн жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө гана эмес, “Чогуу окуйбуз, чогуу өсөбүз” деген идеянын негизинде кесиптик коомчулукту чыңдоого чоң өбөлгө түзөт.
Япониянын билим берүү сырлары менен эксперттер бөлүшөт
Конференцияга билим берүү тармагында таанылган эксперттер жана эл аралык деңгээлдеги спикерлер катышууда. Алсак, Bruce Lander (Япония) — Matsuyama University университетинин профессору.
Bruce Lander мырза англис тилин окутуу, билим берүү технологиялары, мугалимдерди даярдоо жана маданият аралык коммуникация багыттарында адистешкен. Ал 25 жылдан ашуун педагогикалык жана академиялык тажрыйбага ээ болуп, заманбап билим берүү практикасы боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперт катары белгилүү.
Ал эми Tetsuo Kuramoto (Япония) — Shizuoka University of Art & Culture университетинин профессору. Профессор Tetsuo Kuramoto мугалимдерди даярдоо, мектепти башкаруу жана лидерлик, окуу программалары жана окутуу методикасы боюнча терең тажрыйбага ээ. Анын илимий кызыгуулары мектеп деңгээлиндеги окуу программаларын башкаруу, класстык изилдөө, билимди башкаруу жана лидерлик, service learning, action research сыяктуу багыттарды камтыйт. Анын негизги изилдөө темалары — Lesson Study’дин концептуалдык түзүлүшү, мектепке негизделген окуу программаларын башкаруу жана action research ыкмасынын билим берүүдөгү таасири. Профессор Куромото Япониядагы жана эл аралык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде жетекчилик кызматтарды аркалап, мугалимдерди даярдоо боюнча магистрдик жана докторлук программаларда иш алып барган. Ошондой эле ал Япониянын бир катар кесиптик жана академиялык ассоциацияларында кеңешчи жана жетекчи катары эмгектенип, Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин (MEXT) алкагындагы улуттук баалоо иштерине да катышкан кадыр-барктуу эксперт.
Казакстан: Педагогикалык тажрыйбанын жаңы горизонттору
Anvar Zhangozin (Казакстан) — Билим берүү тармагындагы таанымал эксперт жана эл аралык деңгээлдеги спикер. Anvar Zhangozin мырза билим берүү саясаты, мектептик трансформация, лидерлик жана заманбап билим берүү реформалары боюнча өзгөчө тажрыйбага ээ. Ал Казакстандагы билим берүү системасын өнүктүрүү жана эл аралык билим берүү демилгелерин илгерилетүү багытында активдүү эмгектенип келет. Ал конференциянын алкагында өтүүчү панелдик дискуссиянын ардактуу катышуучуларынын бири. Ал жердешибиз Duyshon Shamatov (Казакстан) — Билим берүү тармагындагы илимпоз, изилдөөчү жана академиялык эксперт. Ал билим берүү тармагындагы изилдөөлөр, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү, лидерлик жана педагогикалык практикаларды жакшыртуу боюнча таанылган адис. Анын эмгектери Борбор Азиядагы билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган. Ал дагы конференциянын алкагында өтүүчү панелдик дискуссияга катышып, эл аралык тажрыйба жана регионалдык өнүгүү маселелери боюнча ой бөлүшөт.
«Lesson Study» эмнеге үйрөтөт?
Аталган конференция — билим берүү тармагында Кыргызстан менен Казакстандын педагогдорун бириктирген, тажрыйба алмашууга, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө жана кесиптик байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү эл аралык аянтча.
“Чогуу окуйбуз, чогуу өсөбүз” (“Learning Together, Growing Together”) ураанынын алкагында өткөрүлүп жаткан бул иш-чара мугалимдердин биргелешип өсүүсүнө, бири-биринен үйрөнүүсүнө жана сабакты изилдөө маданиятын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,
Салкынай САЛМООРБЕКОВА, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
Комментарийлер