ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 30 ЖЫЛ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДЕН — КЕЛЕЧЕККЕ

  • 13.10.2026

12-октябрда Чоңдорду окутуу жумалыгынын ачылыш аземи жана Кыргызстандын Чоңдорго билим берүү ассоциациясынын (КЧББА) 20 жылдыгына арналган юбилейлик конференция болуп өттү.

ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 30 ЖЫЛ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДЕН — КЕЛЕЧЕККЕ Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхард, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, эл аралык институттардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун жетекчиси Жанар Шаматова катышты. ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 30 ЖЫЛ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДЕН — КЕЛЕЧЕККЕ

Жыйын «Чоңдорго билим берүүгө 30 жыл: тажрыйбадан — өзгөрүүлөргө, жетишкендиктерден — келечекке» деген темада өтүп, анда аталган тармактагы жетишкендиктер, топтолгон тажрыйбалар жана келечектеги өнүгүү багыттары кеңири талкууланды. Иш-чаранын негизги өзөгүн өмүр бою билим алуу концепциясынын мааниси жана анын азыркы коомдогу орду түздү. ЧОҢДОРГО БИЛИМ БЕРҮҮГӨ 30 ЖЫЛ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДЕН — КЕЛЕЧЕККЕ

Пленардык жыйындардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын жаңы кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсү, өзгөрүп жаткан эмгек рыногуна ийгиликтүү ыңгайлашуусу, ошондой эле билим берүү процессинде санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти натыйжалуу колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча жигердүү пикир алмашышты. Адистердин белгилөөсүндө, чоңдорго билим берүү — жарандардын кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өмүр бою билим алуу маданиятын өлкөдө калыптандырууга багытталган стратегиялык маанилүү тармак болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү