ЧОҢ-АЛАЙДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 22.03.2022
  • 0

Чоң-Алай районундагы мектептердин окуучуларына медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча семинар-тренинг уюштурулду. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасынын башчысы Нургүл Курбанбекова билдирди.

ЧОҢ-АЛАЙДА МЕДИАСАБАТТУУЛУК БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

Маалыматка ылайык, бул иш-чара райондун борборунда жайгашкан Алайчы уулу Саит инновациялык орто мектебинин базасында уюштурулуп, ага райондогу бардык мектептердин медиа бурчтарды уюштуруу аркылуу медиа-маалыматтык сабаттуулукту жайылтуу боюнча жооптуу окуучулары катышкан.

Н. Курбанбекованын айтымында, аталган иш-чара Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жылдык планынын негизинде өтүп, мектептик медиа бурчтар аркылуу окуучулардын медиа жана маалыматтык сабаттулугун арттыруу, ошондой эле мектептик медиа бурчтардын иштерин жакшыртуу максатында уюштурулган. Бул семинарда тренерлик кылган Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары, “МедиаСабак” фондунун Түштүк региону боюнча координатору Тынчтыкбек Досмуратов окуучуларга маалыматтын түрлөрү, фейктер, электрондук кат жазышуу маданияты, нетикет ж.б. боюнча маалыматтарды берип, практикалык иштерди аткарткан. Мындан тышкары ал мектептик медиа бурчтарды уюштуруунун заманбап ыкмалары боюнча алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшкөн.

Эске сала кетсек, Чоң-Алай районунда жалпы 17 мектеп бар. Алардын дээрлик баары бүгүнкү күндө мектеп турмушундагы жаңылыктарын социалдык баракчалардан #oshbilim жана #mediasabak сыяктуу хештегдерин пайдалануу менен, байма-бай чагылдырып турушууну колго алышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер