ЧОҢ-АЛАЙДА ИТ ТИШТЕГЕН АДАМ КАЗА БОЛДУ

  • 25.07.2023
  • 0

Ош облусунун Чоң-Алай районунда ит тиштеп алган адам каза болду. Бул тууралуу Kaktus.kg сайты Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, 18-июлда 16:00дө Чоң-Алай районундагы жалпы дарыгердик борбордун жугуштуу оорулар бөлүмүнө Жекенди айылынын тургуну жаткан. Ал гидрофобия болуп жатканын айтып, суу ичпей койгон. Эртеси күнү симптомдору көбөйө баштаган — фотофобия, акустикофобия, галлюцинация, баш оору, алсыроо, тынчсыздануу пайда болгон.

Клиникалык белгилердин негизинде алдын ала кутурма диагнозу коюлган. 21-июлда бейтап каза болгон. Акыркы диагноз соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен гана коюлат дешет башкармалыктан.

«Бейтап дарыгерлерге 3 ай мурун жайлоодо жүргөн итти кармап, аны байлап жатканда колун тиштеп алганын айткан. Ал убагында дарыгерлерге кайрылбай, үй-бүлөсүндө 3 адам (жубайы, эки баласы) менен контакт болгон. Алардын саламаттыгы жакшы, жакындары эмдөөдөн өттү, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө», — деп кошумчалашты

Бөлүшүү

Комментарийлер