ЧОҢ-АЛАЙ: МУГАЛИМДЕР БИЛИМИН АКЫЛ ТАЙМАШТА СЫНАШАТ

  • 29.11.2019
  • 0

Чоң-Алай районунда мугалимдер, тарбиячылар арасында «Китеп сүйүүчүлөр» сынагы башталды.

Конкурстун шарты боюнча катышуучуларга К. Жантөшевдин «Каныбек» романы, Т. Касымбековдун «Келкел» жана «Сынган кылыч» романдарын окуп чыгуу сунушталган. Андан кийин тандалып алынган агартуучулар бул чыгармалардын сюжети, окуялары, каармандары боюнча «Акыл таймашта” беттешет.

«Китеп сүйүүчүлөр» сынагынын максаты — билим берүү кызматкерлеринин жалпы кыргыз элинин тарыхынан кабардар болушуна өбөлгө түзүү, китепке болгон кызыгуусун арттыруу, окуучуларга үлгү көрсөтүү.

Мугалимдер жана тарбиячылар үчүн акыл таймашы 2020-жылдын март айына белгиленди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер