ЧЕТ ТИЛ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР

  • 18.11.2022
  • 0

ЧЕТ ТИЛ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР

Бүгүн И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институту тарабынан И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата «Заманбап баскычта чет тилдерин окутуудагы негизги кыйынчылыктар жана аларды чечүүнүн жолдору» аттуу чет тил мугалимдеринин методикалык семинары өтүп жатат.

ЧЕТ ТИЛ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР

Иш-чаранын ачылышына билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, КМУнун ректору Айгүл Абдраева катышып, азыркы глобалдаштыруу мезгилинде чет тилдер мугалимдеринин ролу маанилүү экендигин белгилеп, англис тилинде баарлашышты.

Семинардын максаты чет тилин окутууда студенттердин сүйлөө көндүмүн заманбап инновациялык технологияларды колдонуу менен өнүктүрүүгө багытталган методикалык ыкмалар жана көнүгүүлөр менен чет тили мугалимдерин (жаш адистерди) тааныштыруу жана студенттерге чет тилинде сүйлөөнү үйрөтүүнүн натыйжалуулугуна таасир этүүчү факторлорду аныктоо болуп саналат.

Иш-чарага борбор калаанын №68, №5, №96, №87 №73, №94 орто мектеринин жана колледждердин мугалимдери, ошондой эле,  КМУнун башка структураларынан окутуучулар катышууда.

ЧЕТ ТИЛ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР

Бөлүшүү

Комментарийлер