ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР АКЫЛ ТАЙМАШЫНДА БЕТТЕШТИ

  • 17.02.2023
  • 0

ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү окуу жайдын факультеттеринде окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында “Тышкы миграция, визалык маселелер” аттуу брейн-ринг өткөрдү.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР АКЫЛ ТАЙМАШЫНДА БЕТТЕШТИ

Эки раунддан турган интеллектуалдык иш-чарага Индия, Пакистан, Россия, Казакстан, Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдөн келип, ОшМУда билим алып жаткан студенттерден куралган жети команда катышты. Акыл оюну орус тилинде өттү. Командалар “Виза”, “Миграция”, “Элчилик”, “Жүрүм-турум эрежелери/нормалары”, “Ош шаары жана ОшМУ” боюнча түзүлгөн логикалык суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында, 1-орунду дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «Union» командасы, 2-орунду педагогика жана психология факультетинин «Psychologist» командасы, 3-орунду медицина факультетинин «Будапешт» командасы ээледи. Ошондой эле катышуучуларга “Эрудициялуу команда — Sixth sense”, “Ынтымактуу жана бирдиктүү команда — Union”, “Ажарлуу команда — Интеллектуалдар” жана “Мыкты оюнчу” номинациялары ыйгарылды. Командаларды даярдап, жетектеп келген окутуучуларга да ыраазычылык каттар тапшырылды.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕР АКЫЛ ТАЙМАШЫНДА БЕТТЕШТИ

Акыл таймашы чет өлкөлүк студенттердин виза, тышкы миграция, Ош шаары жана окуу жай боюнча маалыматтуулугун жогорулатуу, алардын ортосунда достук мамилени чыңдоо, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, изденүүсүнө түрткү берүү, кураторлордун алар менен тыгыз иш алып баруусун активдештирүү максатында өткөрүлдү.

Ушул эле аталыштагы иш-чараны ОшМУнун чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү 26-февралда өлкөнүн түштүгүндөгү ЖОЖдордо окуп жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында өткөрүүнү пландап жатат.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

Бөлүшүү

Комментарийлер