ЧЕТ ЭЛДИК АБИТУРИЕНТТЕР БИРДИКТҮҮ ПЛАТФОРМА МЕНЕН КАБЫЛ АЛЫНАТ

  • 10.02.2021
  • 0

Жогорку окуу жайларга чет элдик жарандарды кабыл алуу үчүн бирдиктүү санариптик платформа түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн министрликтин кеңейтилген коллегиясында билдирди.

ЧЕТ ЭЛДИК АБИТУРИЕНТТЕР БИРДИКТҮҮ ПЛАТФОРМА МЕНЕН КАБЫЛ АЛЫНАТ

— Мындан кийин чет мамлекеттерден келген студенттерди бирдиктүү бир платформа менен кабыл алабыз. Учурда чет мамлекеттердин биздин окуу жайларга коюп жаткан жүйөлөрүн көрүп жатасыздар, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын соңунда Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизген. Министрликтин аракетинин негизинде Пакистандын Медициналык комиссиясы  Кыргызстандын төрт медициналык университетин кайрадан кара тизмеден чыгарган.

Бөлүшүү

Комментарийлер