ЧЕМПИОНДОР БИЗ МЕНЕН!

  • 21.12.2021
  • 0

Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Дүйнөнүн, Азиянын жана Кыргызстандын чемпиондору биз менен» аттуу иш-чара болуп өттү.

ЧЕМПИОНДОР БИЗ МЕНЕН!

Жаш муундарга адептик-руханий тарбия берүү максатында уюштурулган жолугушуу кечесин мектеп директору Нурбек Халмуратов ачты. Алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Камалидин Абдурахимов, грек-рим күрөшү боюнча Орто Азиянын бир жолку, Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Абдырапык Бабаев, СССР спортунун чебери, эмгек ардагери Орозбай Тилеков жана жаш балбан Азамат уулу Жусубали өздөрүнүн спорттогу жетишкендиктери жана машыгуунун эрежелери тууралуу окуучуларга кеңири айтып беришти.
Эң мыкты суроолорду беришкен окуучулар балбандардын кызыктыруучу белектерине ээ болушту. Кеченин соңунда ардактуу меймандарга арналган ыр, күүлөр жаңырды.

ЧЕМПИОНДОР БИЗ МЕНЕН!

Тайир Аширбай, Лейлек району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер