Чек арадан 20,9 миң доллар акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

  • 25.09.2023
  • 0

Чек арадан 20,9 миң доллар акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук — унаа жол» өткөрмө бекетинде 20,9 миң доллар акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 35 жаштагы Н.С. аттуу кыргызстандыктан 20,9 миң доллар акча табылган.

Аталган жаран чет элдик валютаны декларациядан өткөрбөй, чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.

«Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү

Комментарийлер